Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

БИАТЛОНДОН БИРИНЧИ АЗИЯ ЧЕМПИОНДОРУ


Азия спортунун тарыхында жайкы биатлон боюнча биринчи Азия чемпионаты кыргыз жергесинде, Чолпоната шаарында өткөрүлдү. Мында кыргызстандыктар 3 алтын медаль жеңип, Азия аймагынын алгачкы чемпиондору болуп калышты.

Биатлон - кышкы спорттун түрү, белгиленген чектеги бутаны мылтык менен атып, лыжа менен жарышуу. Бирок кийинки 10 жылдан бери анын жайкы түрү да пайда болуп, таасири арта баштады. Кышкысын спортчулар жонуна мылтыгын асынып лыжа менен жарышып, белгиленген чектен бута атса, жайкысын мергендердей жөө чуркап, атаандашып жүрүшөт. Кыргызстандык биатлончу жигиттер дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликке жетишкен. Мисалы, кыргызстандык эл аралык спорт чебери Максим Маленьких былтыр Чехиянын Яблонец деген шаарында өткөн дүйнө чемпионатында марага экинчи болуп келип, күмүш медалды жеңип келген. Мындан 2 жыл мурда Орусияда болгон уландардын дүйнөлүк биринчилигинде коло байгенин ээси болгон. Мына ушундай ийгиликтерди жана аракеттерди баалаган Эл аралык биатлон кошууну Азиянын биринчи чемпионатын Кыргызстанда өткөрүүгө макулдук берген. Ошондой эле ал ушул спорттун жабдууларынан да жардам көрсөткөн. Азиядагы спорт державалары батынбаган мындай алгачкы саамалыктын тушоосун Кыргызстан кесип олтурат. Эл аралык биатлон кошуунунун өкүлдөрү Ысыккөлгө келип, даярдык көрүп, демилгени колдоого алышкан.

Ошентип, 25-июндан 30-июнга чейин Чолпоната шаарында биатлондон Азиянын биринчи чемпионаты болду. Мында 4 чакырымдык спринт жарыштары, 6 чакырым аралыкка бирин бири кубалашкан атаандашуу, 6 чакырымдагы массалык таймаштар жана 7 чакырым аралыкка жеке жарыштар өткөрүлдү. Буга Казакстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Орусиянын жана Кыргызстандын спортчулары катышып, мөрөй талашуу курч мүнөздө өттү. Натыйжада кыргызстандык эл аралык спорт чебери Максим Маленьких Азия чемпионатынын 2 алтын, 1 күмүш медалдарын жеңип, Азия спортунун тарыхында алгачкы чемпион аталды. Максим өзү 23 жашта, Чолпоната шаарында туулуп-өскөн. Мурда жеңил атлетика менен машыгып, спорт чебери болгон. Жайкы биатлон менен 4 жылдан бери машыгып, ийгиликтердин ээси болууда. Дүйнө чемпионаттарында күмүш жана коло байге уткандарын жогоруда айтып өттүк. Азыр болсо аны колдоого алып, камкордук көргөн «Оберон» спорт клубунун мүчөсү болуп саналат. Айтмакчы, Кыргызстанда бул спорттун өсүп-өнүгүшүнө Бишкектеги «Оберон» фирмасынын жетекчиси Нуржамал Байболованын салым зор. Булар аты уйкаш спорт клуб түзүшүп, команданы каржылап, дүйнө чемпионаттарына да кыргызстандык жигиттерди алып барып жүрүшөт.

Чолпонатадагы Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын коргогон Евгений Левданский да 1 алтын, 2 күмүш байгени утуп, ал да Азия чемпиону аталды. Ошондой эле кыргызстандык Артем Тетенкин да бул таймашууларда коло медалды жеңип алды. Ошентип, Кыргызстандын спортчулары 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло байгени кыргыз жергесине калтырып, намысты колдон чыгарбады. Биатлон боюнча Азиянын алгачкы чемпионаты жөнүндө Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти, өлкөнүн Биатлон федерациясынын жетекчиси Эшим Кутманалиев мындай деди:

- Бул спорт кыргыз элинин мергенчилик өнөрүнө жакын. Кожожаш мерген да тоо-ташта жүгүрүп, кийик аткан эмеспи. Азиянын тарыхындагы биринчи чемпионатты ийгиликтүү өткөргөнбүз. Меймандарга Ысыккөлүбүз, жаратылышыбыз жагып, “эмдиги жылы да Чолпонатада Азиянын биринчилигин уюштургула” деген сунуштар түшүп жатат. Бул мелдешти өткөрүү менен Ысыккөлүбүздү рекламалап алдык. Биздин балдар да чебердиги жогору экендигин көрсөтө алышты. Жайкы биатлон жаш спорт болгону менен келечеги кең. Балким, кийин Олимпиадалык оюндардын программасына кирип калышы мүмкүн.

Бул Чолпонатадагы Азия чемипонатында казакстандык Владимир Смирнов жана ѳзбекстандык Руслан Насыров коло байгени камсыз кылышты. Кыргыз жергесинде өткөн Азиянын биринчи чемпионаты жөнүндө Эл аралык биатлон кошуунунун адистери жылуу пикирлерин айтышып, эмки жылы да Чолпонатада экинчи чемпионатты өткөрүү ниетин билдиришти. Ал эми кыргызстандык жигиттер августта Санкт-Петербургда боло турган Европа чемпионатына расмий чакыруу алып, даярдык көрүшүүдө. Ошондой эле быйыл сентябрда Италияда өтчү дүйнөнүн VIII чемпионатына барса, Максим Маленьких баштаган жигиттер ийгиликке жетиши толук ыктымал.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG