Владимир Путин дүйшөмбү күнү бул жерде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар региондогу коопсуздук проблемаларын, эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгын арттыруу маселелерин талкуулашат. Визит маалында Путин Самаркан шаарында да болот. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.