Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

А. Айтматов дүйшөмбүдө Москвага барат


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов бүрсүгүнү Москвага эки күндүк расмий иш сапары менен барат. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, иш сапарынын учурунда А. Айтматов соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын төрагасы, Орусиянын атом энергетика министри Анатолий Румянцев, ички иштер министри Борис Грызлов, Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы, депутат А.Кокошин, Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Иванов менен Аскар Айтматов эки тараптуу кызматташтыктан тышкары регионалдык, эл аралык маселелердин актуалдуу өңүттөрүн талкуулашат. Иш сапарынын маданий бөлүгүндө министр А. Айтматов өзү окуган Москва мамлекеттик университетинин Азия, Африка өлкөлөрүнүн институтуна барып, ал жерде кыргыз тилинин усулдук бөлмөсүн ачуу маселеси боюнча пикир алышат.

XS
SM
MD
LG