БИШКЕК. АКШнын «Freedom House» уюму постсоциалисттик 27 өлкөнүн демократиялашуу рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан Азербайжан жана Тажикстан менен кошо авторитардык өлкөлөрдүн тобуна кирген. Уюмдун талдоосуна караганда, акыркы алты жылдан бери Кыргызстан авторитардык ыкмаларга улам көбүрөөк ыктап баратат. Уюмдун иликтөө тартибине ылайык, рейтинг 7 балл менен ченелип, 1 балл кыйла демократташкан өлкөлөргө берилген. Кыргызстан болсо алардын ичинен шайлоонун жүрүшү, жарандык коомдун өнүгүшү, маалымат каражаттарынын жана мамлекеттик башкаруунун жагдайы боюнча 5,63 балл, ал эми адам укугун сактоо, сот бийлигинин эркиндиги, коррупциянын деңгээли боюнча 5,75 балл топтогон. Бул тууралуу ушул эле күнү «АКИ-пресс» агенттиги жазып чыкты.