Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Б. Ельцин Кыргызстанда америкалык аскерлердин турушуна Орусия каршы экенин айтты


БИШКЕК. «Орусия америкалык аскерлердин Кыргызстанда жайгашуусуна нааразы», - деп билдирди бүгүн Кыргызстанга келген Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин «Манас» аэропортунда журналисттерге. Анын айтымында, Борбор Азия - Орусиянын кызыкчылыгындагы аймак. «Бирок мага досум Аскар Акаев убада кылгандай, келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин америкалыктар Кыргызстандан кетишет», - дейт Борис Ельцин. Орусиядан Казакстан аркылуу келген Борис Ельцинди жана анын жубайы Наина айымды «Манас» аэропортунда премьер-министр Николай Танаев жана «Мээрим» фондунун төрайымы Майрам Акаева тосуп алышты. Бишкекте жарым саатча кармалгандан кийин Ельциндер башка учакка отуруп Чолпонатага жөнөп кетишти.

XS
SM
MD
LG