Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

КЫРГЫЗСТАНДАН ЖОГОЛГОН КЫЗ БИР ЖЫЛДАН КИЙИН АРАБ ЭМИРАТТАРЫНАН ТАБЫЛДЫ


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бир жылдан бери дайынсыз жоголгон 20 жаштагы элеттик кыргыз кызды Эл аралык миграция уюмунун көмөгү менен Бириккен Араб Эмираттарынан июнь айынын этегинде таап келди. Сойкулукка сатылган мындай кыздардын канчасы кайсы өлкөдө жүргөнү, кандай тагдырга тушукканы белгисиз. Белгилүү жагы - аптасына Кыргызстандан мыйзамсыз жол менен 4-5 кыз кетип турат.

Бул кыз - чет өлкөгө алданып кетип, кордук көрүп кайткан кыргыз кыздарынын бири. Атайын кызматтардын маалыматына караганда, адатта мындай кыздар көп учурда ошол өлкөнүн коопсуздук кызматтары тарабынан 6 айдан 1 жылга чейин кармалып, анан өз мекенине депортацияланат.

Кыргызстандан аптасына 4-5 кыз чет өлкөгө жол тартат. Алардын ичинде кандай ишке баратканын билип да, алданып да кеткендери бар. Алданып кеткендер өз каалоосу менен баргандарга караганда көбүрөөк жапа чегишет. Маселен, атын атабоону каалаган коопсуздук кызматкеринин айтымында, чет өлкөгө барган кыз сойку болууга макулдук бербесе, ал адам чыдагыс шартка тушугат.

- Бизге эки жол белгилүү, - дейт ал. - Биринчиси - эң оору жана коркунучтуусу - кызды 3-4 метр бийиктиктеги караңгы зынданга салып, каалагандай кордошот. Жуундуларды ыргытышат. Адамдын эркин мокотушат. Мен ушундай кордолгон кыз менен сүйлөштүм. Ал зынданда 17 күн жатыптыр. Ошол тозоктон кийин ал кожоюндун каалаган ишин жасоого аргасыз болот. Экинчиси - караңгы бөлмөгө кармап, кызды күчкө салып багындырышат.

Чет өлкөгө кыздар адатта ортомчулардын жардамы аркылуу жасалма паспорт менен чыгып кетишет. Бирок документтер өтө кылдат жасалгандыктан, кетип жаткандарга дайым эле мыйзам бузгандыгы үчүн күнөө тагыш мүмкүн эмес. Кыздарды ар кандай жол менен үгүттөп, чет өлкөгө чыгууга көндүргөн сыяктуу эле, аларга паспорт табуу, сатып алуу, кайра жасоо ишин да «сутенер» деген ат менен белгилүү далдалчылар аткарышат. Ошого жараша алар ар бир кыз үчүн 5-6 миң доллардан таза киреше табышат. Коопсуздук кызматкери Буларкиев Таланттын айтымында, мындай иштерди, алардын ичинде паспортторду каттоодо турган салабаттуу туристтик же башка багыттагы фирмаларга жамынган айрым адамдар, негизинен аялдар жашыруун ыкма менен жасашат. Ал эми дагы бир коопсуздук кызматкери Нурбек Мамбетсеитов мындай дейт:

- Бул жерде паспорт бере турган структуралардын да кээде күнөөлөрү бар болуп чыгып атат. Акча берген үчүн визаларын, ана-мыналарын жасап берип коюп атышат. Бизде мындай маалыматтар бар.

Былтыр чет өлкөлөргө кыз-келиндерди сойкулукка мыйзамсыз жөнөткөндүгү үчүн 6 далдалчы кармалып, алардын бешөө жакында эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылды. Нурбек Мамбетсеитов булардын жазасы жеңил деп эсептейт:

- Буларга өтө катуу жаза берилбейт. Анткени, мыйзам ошондой. Берсе дагы мунапыс жолу менен чыгышат. Мисалы, паспорт жасап, үгүттөп жибергендердин бирөө ушул эле факт менен мурда эки сыйра соттолгон кыз экен.

Жакында Жогорку Кеңеш Кылмыштык жана Административдик кодекстерге киши сатууга байланышкан кылмыштарды аныктаган өзгөртүүлөрдү киргизип, президентке кол коюуга жөнөттү. Мыйзамды иштеп чыккан депутат Токтокан Боронбаеванын айтымында, бул мыйзам долбоорунан сойкулук ишине түздөн-түз байланышкан берене алынып салынды:

- Мунун жолун табыш кыйыныраак болду. Анткени, азыр ушул боюнча долбоорду кабыл алсак, жоопко бүтүндөй ошол кыздардын өздөрү тартылышат экен. Аларды пайдаланган кишилерди жоопко тартыш баары бир кыйын экен. Ушул жактарын ойлоп, кийинки мыйзамдарга оңдоп киргизели деген ойдо ал берененин долбоорун алып салдык.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, кылмыштуу топтор тарабынан кызсатык аркылуу каражат табуу максатында чет өлкөлөргө жылына 3 миңден ашык кыз чыгарылып турат. Алардын көпчүлүгү Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Кытайга, Кореяга, Германия өңдүү Европа өлкөлөрүнө да жөнөтүлөөрү айтылып жүрөт. Бирок, бул багытта расмий иликтөөгө, териштирүүгө, маалымат топтоого аракет көрүлө элек жана аны жөнгөрүүчү мыйзам да жок. Депутат Т.Боронбаеванын айтымында, Жогорку Кеңеш келерки күздө бул боюнча мыйзам иштеп чыгышы ыктымал:

- Мамлекеттик статкомитетте жана укук коргоо органдарында мындай маалыматтар жок. Анан биз өзүбүзчө «мыйзам кабыл алышыбыз» керек деп атканыбыз да ошондон. Мыйзамга өкмөт эмне чараларды көрүп жаткандыгы тууралуу жылына Жогорку Кеңешке маалымат бериши тууралуу берене киргизсекпи деп атабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG