Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Тышкы иштер министри Орусияда


БИШКЕК. 7-июлда Кыргызстан тышкы иштер министри Аскар Айтматов расмий сапар менен Москвага жөнөп кетти. Ал Москвада орус тышкы иштер министри Игорь Иванов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана эларалык саясий маселелер боюнча пикир алмашат. Аскар Айтматов Орусиянын ички иштер министри Борис Грызлов менен жолугушуусунда эмгек миграциясына байланыштуу, атомдук энергия министри, кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын орус тарабынын башчысы Анатолий Румянцев менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулайт. А.Айтматов Кыргызстан менен Орусиянын жамааттык коопсуздук уюмунун алкагындагы кызматташуусун бул уюмдун кеңешинин башкатчысы Николай Бордюжа менен жолугушуусунда талкуулайт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG