Чеченстанда кечээ кырсыкка учураган орусиялык тик учма жерден атылган октон улам кулаган. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү “Интерфакс” маалымат агенттиги жарыялады. Ал эми чеченстандык маалымат булактарынын кабарлашынча, тик учманы атып түшүрүүдө көчмө “Зенит” ракетасы колдонулган. Кечээ Чеченстандан 40 чакырым алыстыктагы Новогрозненск айлында Орусиялык Ми-8 үлгүсүндөгү тик учма жерден көтөрүлүп батып кулап, төрт аскер кызматкери каза болуп, он бири ар түрдүү деңгээлде жараат алышкан.