НАТО башкатчысы Жорж Робертсон буга чейин Кыргызстанга келип кеткен. Ал эми Кыргызстан 1994-жылдан бери НАТО менен аскерий, экономикалык жана илимий багытта кызматташып келгени маалым. Жаңы миң жылдыктын башталышына чейин дүйнө картасында, анын коопсуздугу жаатында Борбор Азия чөлкөмү анчалык деле көңүлгө алынбай келгенин, бирок соңку жылдардагы окуялар аталган чөлкөм стратегиялык жактан өзгөчө мааниге ээ экендигине дүйнө коомчулугу, анын ичинде НАТОнун башкатчысы ынанганын ал сапар алдында жолдогон өз макаласында мойнуна алган. Робертсон мырза ошондой эле Борбор Азиянын коопсуздугу бүтүндөй Евроатлантика аймагынын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этээрин жашырган эмес.
Бүгүнкү күндө Борбор Азия чөлкөмү үчүн башкы коркунучтар катары терроризм, уюшкан кылмыштуулук, аткезчилик, массалык кыргын салуучу куралдардын тымызын таркатылышы сыяктуу көрүнүштөрдү атоого болоорун башкатчы санап өтүп, НАТО дүйнөнүн кайсыл гана чөлкөмүндө болбосун мындай коркунучтар менен айоосуз күрөш жүргүзөөрүн баса белгилеген. Робертсон мырза мындан ары НАТО чөлкөмдө жайгашкан өлкөлөр менен кызматташуусундагы башкы үч багытты санап өткөн. Биринчиден, мындан ары аталган аскерий уюм ар бир өлкө менен шериктештик алкагында жекече иш планын иштеп чыгып, анын аткарылышын көздөөрүн айтса, экинчиден, аймактык кызматташтыкка басым жасалаарын белгилейт. Үчүнчүсү, бул терроризмге каршы күрөшүүнүн биргелешкен планын иштеп чыгууга багытталган. Терроризмге каршы күрөш узак мезгилди камтырын башкатчы эскертип, бул багытта өз ара кызматташуу узакка созулаарын жашырбайт. Ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө саясый, экономикалык өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнө НАТО кызыкдар экенин жана анын аткарылышы зарыл экенин кыстара кеткен.
НАТОнун башкатчысы бул жолку иш сапарында Кыргызстан, Казакстан өлкө жетекчилери менен айрым маселелер боюнча өктөм сүйлөшөөрү анын макаласында ачык байкалаарын айрым аналитиктер кеп кыла баштады. Ал эми НАТОнун Борбор Азиядагы таасирин күчөтүү аракетине республиканын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев мындайча карайт:
- Булар, албетте, азыр мусулман дүйнөсү жагынан иштеп жатышат, Мадридден баштап Орто Азияга чейин. Эми Орто Азия мамлекеттери менен тыгызыраак иштейли деп жатышат. Себеби, Ооганстан, Ирак маселесинен улам бул жакка көңүл өзгөчө бурулуп отурбайбы. Бул жакта өз таасирин күчөтүш, көбөйтүш керек, ошол максаттын аракети.
Чөлкөмдө НАТО таасиринин өсүшүн Батыштын атаандашы Оруссия каалабайт. Аны ишемби күнү Кыргызстанга эс алууга келген Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин да белгиледи:
- Орусия америкалык аскерлердин Кыргызстанда жайгашуусуна нааразы, Борбор Азия – Орусиянын кызыкчылыгындагы аймак. Ошондуктан, мага досум Аскар Акаев убада кылгандай, келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин америкалыктар Кыргызстандан кетишет».
Робертсон мырзанын макаласына караганда, НАТО терроризмге каршы күрөшүү үчүн Кыргызстан менен узак мөөнөткө кызматташкысы келет. Ошондой эле ал макаласында НАТО Борбор Азия чөлкөмүндө саясый өзгөрүүлөрдүн болушуна көбүрөөк кызыкдар болуп жатканын да кыйытып кеткен. Айрым саясатчылардын пикирине караганда, Борбор Азия мамлекеттерин азыркы жетекчилер башкарып турган учурда чөлкөмдө терең өзгөрүү болуп, демократиялык жараяндар өз деңгээлинде жүрбөйт. Андай пикирди кармангандардын бири Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, палатанын Эл аралык мамилелер боюнча комитеттин жетекчиси Алишер Абдимомунов:
- Биринчи кезекте ушул биздин жетекчилер азыркы заманга коммунисттик көз караш менен карап келатат да. Булар ошол көз карашын таптакыр өзгөртө албайт. Келечекте биздин чөлкөм үчүн Өзбекстанда да, Казакстанда да, Кыргызстанда дагы азыркы базар экономикасын, саясатты жакшы түшүнгөн, ага чечкиндүү жетекчилер келсе гана мамлекеттер ортосундагы кыйынчылыктар чечилет деп ойлойм.
Борбор Азия чөлкөмүнө кызматташуунун жаңы багыттарын сунуш кылган НАТОнун башкатчысынын аракеттери анын иш сапары учурунда канчалык деңгээлде колдоо табат, аны мезгил аныктаар.