Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

ИРАН “ШАХАБ-3” РАКЕТАСЫН СЫНООДОН ӨТКӨРГӨНҮН ЫРАСТАДЫ


Иран “Шахаб-3” ракетасынын жыйынтыктоочу сынагын ийгиликтүү түрдө жүзөгө ашырганын дүйшөмбү күнү тастыктады. Ракета массалык кыргын куралын Израилге чейин жеткирүүгө жөндөмдүү экени жоромолдонууда. Бириккен Улуттардын өзөктүк кубатты көзөмөлдөөчү уюмунун жетекчилиги Иран өкмөтүн өзөктүк программалар долбоорун эл аралык коомчулукка толук маалым кылууга үндөдү.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хамид Реза Асифи дүйшөмбү күнү басма сөз жыйынын өткөрүп, “Шахаб-3” ракетасы бир нече апта мурда сынактан соңку ирет өткөрүлгөнүн тастыктады. Израил бул сыноо тууралуу саал мурдараак кабардап, бирок аны өткөн аптада жүргүзүлдү деп билдирген. Хамид Реза Асифи “израилдиктер маалымат алуу жаатында саал кечигип калышкан сыяктуу” деп кошумчалай кетти.

“Шахаб-3” ракетасы дээрлик 1300 чакырымдай аралыкка учурула турган курал. Демек, ал Израилге жана Түркия менен Сауд Арабстанда жайгашкан америкалык аскер базаларына сокку урууга жөндөмдүү.

Израилдин “Хаарец” гезитинин жазышынча, “Шахаб-3” ракетасын сыноо акыркы беш жылда жети же сегиз жолу жүргүзүлдү. Соңку сыноо алардын ичинен эң олуттуусу жана жемиштүүсү болду. Иран тышкы иштер министрлиги да муну тастыктоодо. Асифинин айтымында, эми өлкөнүн куралдуу күчтөрү бул ракета менен жабдылмакчы.

1980-88-жылдары иран-ирак согушу маалында расмий Тегеран курал-жарак өндүрүү программасын жолго коюуну чечкен. 1992-жылдан тартып Иран танктарды, брондуу техниканы, кыска аралыктык ракеталарды жана кыргын учактарын өз алдынча өндүрүүгө жетишти. Эми “Шахаб-3” ракетасын куралдуу күчтөргө кеңири колдонууга киргизүү аркылуу Иран Ортоңку Чыгыштагы кубаттуу жана кооптуу өлкөлөрдүн катарына кошулууда.

Батыш өлкөлөрүнүн шек саноосун туудурган олуттуу жагдай – бул Ирандын тымызын өнүктүрүп жаткан өзөктүк долбоору. Эгерде Иран өзөктүк курал (бомба) өндүрүүгө жетишсе, анда мындай бомбаны жаңы ракета Жакынкы чыгыштагы айрым “душман” делген өлкөлөргө чейин жеткире алат.

Дал ошондуктан, эл аралык коомчулук расмий Тегерандан өзөктүк курал өндүрбөөнү, өлкөнүн тынчтык максатта колдонулуп жатат деген өзөктүк программасын да маалымдуулук негизинде жүзөгө ашырууну талап кылууда.

Дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттардын Атомдук кубат агенттигинин жетекчиси Мохаммед эл-Барадейи “Ассошиейтед пресс” агенттиги үчүн маек куруп, Иран жетекчилигинен өзөктүк куралдарды долбоорлобогондугун тастыктоо үчүн эл аралык адистерге өлкөгө келип, кеңири масштабда көзөмөл жүргүзүүгө уруксат кылуусун сураарын айткан.

Вашингтондогу Жакынкы чыгыш саясатын иликтөөчү институттун серепчиси Пэтрик Клоусондун айтымында, буга чейин Иран өкмөтү АКШнын талаптарын көзгө илген эмес, анткени аны менен соода алакалары тургай, дипломатиялык алакалары да калыбына келтириле элек болчу.

Бирок кийинки кезде Иран менен салттык карым-катнаш жүргүзүп жаткан өлкөлөр да Тегерандан өзөктүк куралсыз саясатты тутууну талап кыла башташты, дейт Клоусон:

- Менин оюмча, эл аралык коомчулуктун кысымынан улам Ирандын аң-сезимине төмөнкүдөй түшүнүк уялашы мүмкүн: Иран менен тыгыз кызматташтыгы аркылуу АКШ менен бул өлкөнүн аксап турган карым-катнашына атаандаш жолду сунуш кылып жаткан Европа Биримдиги, Орусия жана башка бир катар өнүккөн өлкөлөрдө да Ирандагы өзөктүк куралдар жаатында санааркоо күчөөдө. Мындай ойдон улам, Иран жетекчилери өлкөнүн өзөктүк саясаты дүйнөдөн бөлүндүдө жүргүзүлө берчү болсо, анда ал мурда болжолдонгондон алда канча көп каржылык зыянга кириптер кылышы ыктымал деп санашы ажеп эмес.

БУУнун атомдук кубат агенттигинин жетекчиси эл-Барадейи шаршембиде Тегеранга келмекчи. Ал БУУнун агенттигинин адистери Иранда өзөктүк отун катары шек кылынган материалдар кандай шартта пайдаланылып жана сакталып жатканын өз көздөрү менен көрүүгө тийиш деп эсептейт.

Өткөн айда АКШ президенти Жорж Буш Тегеранга эскертүү кылып, ал өзөктүк согуш куралдарын жасабайм деген убадасында туруусу керек деген. “Алар антпечү болсо, биз да көрчү чарабызды көрөбүз”, - деп, АКШ президенти Тегеранга сес көрсөткөн. Эл аралык коомчулук болсо - Тегеранды сүйлөшүүлөр жолу аркылуу өзөктүк куралдар долбоорунан баш тарттырууга ынтызар.

XS
SM
MD
LG