Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

ТАЯК ЖЕГЕН ЖООКЕРЛЕР, КӨЛГӨ КЕЛГЕН ПРЕЗИДЕНТ, БАШКА ӨЛКӨГӨ КЕТКЕН ЖЕР


Кыргыз-казак чегин аныктаган дарыя нугунун өзгөрүп турушунан чүйлүк дыйкандар жеринен айрылып жатышат. Аскер турмушуна көнө элек жаш жоокерлер кордукка чыдабай казармасын таштап кетишти. Орусиянын экс-президенти Ысыккөлдө эс алууда. Бейөкмөт уюмдар менен саясий партиялар, маалымат каражаттары «тегерек үстөл» өткөрүштү. Кыргыз басылмаларында чагылдырылган темалардын толук эмес тизмеси ушундай.

Ысыката районуна караштуу Милянфан айылынын тургуну 2 гектир жер үлүшүнөн ажырап калганын шейшембидеги «МСН» гезити жазды. «Кыргыз-казак чегин аныктаган Чүй дарыясы нугун өзгөртүп, милянфандык дыйкандардын талаасын суу жеп, айыл тургундары олуттуу проблемага туш келишти», - деп маалымдайт гезит.

Кыргызстандын жаңы идеологиялык хартиясы тууралуу гезит бетинде публицист Вячеслав Тимирбаев ой жүгүртөт. Анын пикиринде, идеологиялык, демократиялык хартиялар, концепциялар, координациялык, улуттук кеңештердин түзүлүшү - тоталитардык коомдон калган көндүм.

Орусиянын мурунку президенти Борис Ельциндин Ысыккөлгө эс алууга келиши кыргыз басылмаларынын дээрлик баарында кабарланды. Кыргызстанга түшүп-түшпөй мурунку орус президенти Борбор Азия Орусиянын кызыкчылыгындагы чөлкөм экенин айтып, «Орусия Кыргызстанга америкалык аскерлердин жайгашышына нааразы» экенин ачыкка чыгарды. «Менин досум Аскар Акаев келишим мөөнөтү аяктаган соң америкалыктар кетишээрин убада кылды», деп билдирди Орусиянын экс-президенти.

Анын мындай дымактуу билдирүүсүн «Агым» гезити шейшембидеги санында «Ельциндин айтканынан эмне өзгөрмөк эле?» деп комментарийледи. Басылманын жаңы санында Ф.Куловдун түрмөдө отуруп президент менен коопсуздук кызмат жетекчилерине жазган эки билдирүүсү жарыяланган. Ага байланыштуу «Арнамыс» партиясы дагы билдирүү таратты. «Биз А.Акаевдин жетекчилигиндеги режим өзүн жана өз бийлигин сактап калыш үчүн кандай гана иштерге болбосун бараарынан шек санабай деле калдык, - деп айтылат партия билдирүүсүндө. - Республикадагы чыдамсыз мындай атмосфераны сөз менен бекемдеш үчүн президенттин жубайы М.Акаеванын журналисттердин көз алдында эркин ММКларды коркутуп-үркүтүшү буга далил боло алат».

«Президенттин ишмердигинин мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору парламентке сунушталган чакта айрым оппозициячыл депутаттарды шашылыш командировкага жөнөтүп ийүүнүн чоо-жайына шейшембидеги «Лица» гезити токтолгон. «Шашылыш, талкуусуз кабылданган мыйзам боюнча президенттин үй-бүлөсүнө оголе көп жеңилдиктер берилет», - деп жазат гезит. Депутат Ө.Текебаевдин айтымында, жаңы мыйзам президенттин кызматтан кетиши үчүн кабыл алынды.

«Эркин тоо» гезитинин шейшемби күнкү санында илимпоз Аблабек Асанкановдун көчмөндөр цивилизациясына арналган макаласы жарыяланды. Автордун айтымында, көчмөндөр цивилизациясы классикалык цивилизациядан кыйла айырмалуу. «Элдик оозеки чыгармачылыктын бай үлгүсү, рухий жана идеологиялык баалуулуктардын комплекси көчмөндөрдү тарых бүктөмүндө калтырбай жаңы доорго алып келди», дейт автор.

Бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн «тегерек үстөл» жыйынында айтылган пикир-сунуштар шейшембидеги «Республика» гезитинде маалымдалды. Гезитте жазылгандай, жыйын катышуучулары президент А.Акаев эл алдына чыгып мындан ары президенттикке талапкерлигин койбостугун айтышын, Аксы окуясына күнөөкөрлөрдү жазалап, Ф.Куловду түрмөдөн бошотууну талап кылышты.

Канттагы аскер бөлүгүнөн 13 жоокердин качып кетиши буга чейин жашырылып-жабылып келаткан проблеманы - аскерге жаңы келгендерди кордоп-ызалоо бар экендигин айкындаган окуя болгонун 8-июлдагы «Вечерний Бишкек» гезитинде Артем Петров жазып чыкты. Иш азыр тергелүүдө.

Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Алматыдагы кезектеги жыйынында талкууланган маселелерди, ага президент А.Акаевдин катышканын шейшембидеги «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу» гезиттери маалымдашты. Жыйын катышуучулары суу-энергетика, катнаш, чөлкөмдү азык-түлүк менен камсыздоо амалында биргелешкен консорциум түзүүгө макулдашкан. Аксай менен Арпадагы аркар-кулжалар капчыктуулардын кыргынына кабылып, табият жабыркап жатканы Мундузбек Тентимишовдун «Кыргыз туусу» гезитиндеги «Коррупциянын укуругу Аксайдын аркарына жеттиби?» деген макаласында козголот.
XS
SM
MD
LG