Гюнтер Ферхойген Евросоюзга мүчөлүккө алганга баарына текши убада бере берген практиканы токтотуу зарыл деп билдирди. Ушул айдын башынан Евросоюзга төрагалык кыла баштаган Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони кечээ келечекте союзга Израил, Белоруссия, Украина, Россия жана Балкан өлкөлөрү кабыл алынышы керек деп айткан эле.