БИШКЕК. 11-июлда Бишкекте юстиция министрлигинин жетекчилиги Кыргызстандагы адвокаттар уюмдарынын өкүлдөрү менен «тегерек үстөл» жыйынынын өткөрөт. Жолугушууда үстүбүздөгү жылдын 21-майында юстиция министрлиги чыгарган «Адвокаттардын кесиптик этикасынын эрежелери» аттуу документ талкууга алынмакчы. Юстиция министрлигинин аталган документи адвокаттардын сот жараянындагы иш эрежелерин аныктоо максатында адвокаттардын ишине нааразы болгон жарандардын арызынын негизинде чыгарылган. Бирок «Кыргызстан адвокаттар коллегиясы», «Кыргызстан юристтери ассоциациясы» сыяктуу уюмдар аталган документти адвокаттардын эркиндигин чектөө максатында кабыл алынды, деп сынга алышкан жана юстиция министрлигинен аталган эрежени жокко чыгарууну талап кылышууда. Жума күнү өтүүчү жыйында вице-премьер-министр Курманбек Осмонов баштаган министрликтин жетекчилиги адвокаттар менен бир ымалага келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.