Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

НАТОнун башкатчысы Кыргызстан жетекчилери менен 11-июлда жолугат


БИШКЕК. Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсондун Кыргызстандагы иш сапары 11-июлда гана башталат. Анын тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен 10-июлга белгиленген жолугушуусу болбой калды. Себеп дегенде, Жорж Робертсондун учагы аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын «Манас» аба майданына коно алган жок жана НАТОнун башкатчысы 10-июлдун кечинде гана Казакстандан Кыргызстанга келиши болжолдонууда. 11-июлда Жорж Робертсон президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушуусу күтүлүүдө. Иш сапары учурунда Жорж Робертсонго Улуттук илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү деген наам ыйгарылмакчы. НАТО башкатчысы Кыргызстанга ушуну менен экинчи ирет келүүдө. Жорж Робертсон Кыргызстанга биринчи ирет 2000-жылдын 6-7-июлунда келген.

XS
SM
MD
LG