Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

ОРУС ГЕЗИТТЕРИНДЕГИ НЕГИЗГИ ТАЛКУУ: КАНТТАГЫ БАЗА КАЧАН АЧЫЛАТ?


Төрөкул Дооров, Москва шаары. Жыйынтыкталып жаткан аптада Кыргызстан менен Түркмөнстан көйгөйлөрү орус гезиттеринде улам-улам сөзгө алынды.

Адатта, орусиялык гезит беттеринде Кыргызстан тууралуу жазылуучу макалалардын басымдуу бөлүгү аскерий кызматташтык маселесин козгойт. Үстүбүздөгү апта ичинде «Еженедельный журнал» басылмасында, «Время МН» менен «Коммерсантта» , «Новая газета» менен «Российская газетада» , ошондой эле «Известия» гезиттеринде орун алган макалалар да жогоруда айтылган ойду бекемдегендей болду. Мындай мүнөздөгү журналисттик саптар да маселенин өңүтүн дал ушул орус мамлекетинин ага болгон мамилеси аркылуу ачып бергенге багышталды.

Маалыматтын башкы негизи – Кыргызстандан Тышкы Иштер министри жетектеген атайын делегациянын Москвага үч күндүк иш сапары менен келип, Кантта жайгаша турган авиабаза тууралуу макулдашуусу болуп калды. Дегинкиси, министр Аскар Айтматовдун Москвада орус кесиптеши жана башка расмий өкүлдөр менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү аскерий жааттагы эле эмес, миграция саясаты жана эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү да ичине камтыган.

Анткен менен, бул маселелерге орус журналисттеринин макалаларында анча деле көңүл бурулбады. Басым жалаң гана коопсуздук маселесине жасалып, анын машакаттуу орду катары бүгүнкү күнгө дейре Кантта авиабазанын ачылбай жатканы айтылат. Бул тууралуу «Независимая газета» шейшемби күнү жарыялаган макаласында «Авиабазанын ачылбай жатканы Орусиянын Өзбекстандагы жеке кызыкчылыктары менен тыгыз байланышта» деп жазды.

«Кантта базанын ачылышы эгерде В.Путиндин Өзбекстанга жасалуусу каралган иш-сапары менен туш келип калганда, расмий Ташкент чек-ара чатагынын айынан анча жылуу эмес алакадагы кошунасында дагы бир күчтүн пайда болгонуна ыраазы болмок эмес. Анын үстүнө Өзбекстан менен Орусиянын да карым-катнашы Ирак согушунун учурунда алда канча салкындай түштү. Ошондуктан Орусия, биринчи кезекте, Өзбекстандагы кызыкчылыктары менен эсептешип алууну туура көрдү. Андан кийин гана кыргыз жериндеги базанын лентасын кескенге болот», - деп жазат «Независимая газета» (В.Путин Өзбекстанга болжогон иш-сапарын Москвадагы Тушино аба-майданындагы жардырууга байланыштуу кийинкиге жылдырган).

Ал эми «Еженедельная журналынын» ишениминде, Кантта иштей турган базанын башкы милдети - аймакта коопсуздукту камсыз кылуу эмес, өлкөдөгү эл аралык антитеррористтик коалициянын күчүнө каршы салмакты жаратуу. Ал жерде өзүнүн базасын куруу менен Орусия Вашингтонго Борбордук Азиядагы позициясынан тайбай тургандыгын көрсөтөт», - деп жазат жумалык басылма. «Эң башкысы – ири мамлекеттердин ортосундагы «аркан тартуу» оюнунан бир эле адам пайда көрөт, Бул – президент Аскар Акаев», - дейт макала автору Евгений Пахомов. Журналисттин пикиринде, «Өткөн жылдын декабрь айында Путин Бишкекте болгон учурда, Акаев аны «Борбордук Азиянын башкы тиреги» болууга чакырган эле. Ал ушундай эле мүнөздөгү ыраазычылыгын америкалык президентке да билдирди».

Кандай болсо да, президенттин эсептүү кадамдары ага материалдык пайданы эле бербей, өлкө ичиндеги позициясын да бекемдөөгө шарт түздү. Акыркы мезгилдерде өзгөчө жигердүүлүгү менен айырмаланган өлкө оппозициясы «эми Батыш жеке кызыкчылыктары үчүн аймактагы демократиянын абалына көңүл бурбай коёбу деп коркууда» дейт журналдагы макаланын автору.

Анткен менен, «Известия» да, «КоммерсантЪ» да, андан калса «Независимая газета» да Канттагы авиабазанын сөзсүз түрдө ачыла тургандыгын жазышууда. Анткени, аны реконструкциялоого 70 млн. рубль сарпталган.

Түркмөн-орус кош атуулдугу маселеси орус басма сөз каражаттары үчүн акыркы эки-үч айдан бери бүйүр кызыткан өтө чоң чууга айланып келет. Маселен, «Время новостей» жума күнү жарыялаган макаласында «кош атуулдук проблемасын чечүү үчүн түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын иши жыйынтыксыз аяктады» деп тапты. Ал эми «Известия» проблеманын чечилүүсүн бир гана жол менен күтөт: «Түркмөн жериндеги орус атуулдарын ал жерден көчүрүп келүү мамлекеттин милдети болушу керек!» Ошол эле учурда «Независимая газета» тынчтык жолу менен абалдан чыгып болбой тургандыгы жөнүндө пикирин жазат.
XS
SM
MD
LG