Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

ЫРДАГЫ ӨМҮР


«Алатоо ак калпагын кийген кезде, Аскасы көк асманга тийген кезде, Мен дагы жолго чыгам таңды тосо, Кучактайм ай-нуруңдан ырга кошо. Улуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн. Сулуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн» - деген саптарды коштоого алган обончу Апас Жайнаковдун (сөзү акын Түмөнбай Байзаковдуку) «Кыргыз жери» аттуу ырын укканымда кыргыздардын жанынан, канынан жаралган мөлтүр ырларынын таанымал аткаруучусу Саламат Садыкованын шаңкылдаган тунук үнүнө, ченемсиз чеберчилигине суктанам. Анан чыгармачылыгынын төрт тарабы кыбыла болгон, тубаса жаркын шыктуу ырчыны жарык дүйнөгө берген, өзүнчө бир ажайып кайталангыс келбеттеги, түркүн түстөрдөгү гүлдөрдүн мекени Баткенди эстейм. Саламаттын 1956-жылдын 28-сентябрында киндик каны тамган Кызылжол айылын элестетем. Анан Саламат атасы Момундан эки жарым, энесинен он жашында айрылып томолой жетим калып, багар-көрөрү жок ар кимдин колунда жалдырап калса да турмуштун, жашоонун тунгуюктуу жолунан өзүнүн бактысын таап, бүгүнкүдөй ырчы болуп чыга келген эркинин күчтүүлүгүнө, эмгекчилдигине, чечкиндүүлүгүнө таң калам.

Саламат он бир жашынан тартып, турмуштун катаал белестеринин ашууларын ашат. Карасуудагы мектеп-интернатта, Оштогу музыкалык мектепте окуйт. Ошол эле учурда Оштогу кездеме чыгаруучу фабрикада иштейт. Өгөй атасы Турабай Баткенге алып келет. Он алты жаштагы Саламат райондук маданият үйүндө автоклубдун башчысы болуп эмгектенет. Басса-турса да оозунан ырын түшүрбөйт. Бирок, караңгычылыктын, эскичиликтин торунда калган Абдрайымдай чоң аталары «ырчы деген шайтандын шапалагы, эл алдында ырдаган кыздын бети жок, шермендечилик» деп, Саламаттын жаагын жап кылууга аракеттенет.

Бирок, жаш кыз «өлсөм да ырдап жатып өлөйүн. Акылдашаар атам да, эркелетээр энем да, кайгымды жазаарым да, кубанычымды бөлүшөөрүм да, таянар тоом да - ырым» деп, ырдай берет. Ал эми чоң атасы Байбото жаш кызды: «Ырда!» деп, дем берет. Колунан келген жардамын аябайт. Акыры ал күнүмдүк жашоонун айынан эркин ырдап, эркин жүрүп, ойлогон оюна, көздөгөн максатына жетиш үчүн 16 жашында таластык жигитке турмушка чыгат. Карабуура райондук элдик театрында иштейт. Ар кандай ролдордо ойнойт. Элдик ырларды жана обончулардын ырларын ырдайт. Ошол эле учурда түрдүү бийлерди бийлеп, концерттерди алып барат. 1986-87-жылдардан тартып облустук, республикалык кароо-сынактарга, фестивалдарга байма-бай катыша баштайт.

- Саламат айым, эсиңизде болсо, алгачкы жолу эл алдында кайсыл ырды ырдап чыктыңыз эле?

- Карапайым калкка тааныла баштаганым 80-жылдардын башына туура келет. Ал кезде мурдагы Киров (азыркы Карабуура) райондук театрында иштечүмүн. Кандайдыр-бир чоң салтанатка, фестивалга карата райондук өздүк-көркөм чыгармачылык ийримин даярдаш үчүн борбордон хормейстр, эл артисти Султан Юсупов келип калды. Агай менен тааныштым. Баамчыл, кыраакы Султан Юсупов агай мени ырдатып көрдү. Менин үнүм ал кишиге аябай жакты. Агай мага арнап эки ыр жазды. Биринчиси - акын Байдылда Сарногоевдин «Күнүм болсочу», экинчиси - айтылуу Жеңижоктун терең философиялык маанайдагы «Багы болот турбайбы» аттуу ыры эле. Залкар Жеңижоктун сөзүнө жазылган «Багы болот турбайбы» деген ырды Аманкул деген жигит экөөбүз эки үндө кошулуп ырдап чыктык. Угармандар жакшы кабыл алышты. Султан агайдын эки ырын ырдап чыккандан кийин болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетиштим. Ыр дүйнөсүнөн бактым ачылды.

- Кыргыз филармониясынын босогосун кандайча аттап калдыңыз?

- 80-90-жылдардын аралыгында өлкөдө өздүк-көркөм чыгармачылыгына өзгөчө көңүл бөлүнө баштаган эле. Республикада байма-бай кароо-сынактар, фестивалдар көп өтчү. Мен да райондук, облустук, республикалык кароолорго такай катыша баштадым. 1988-жылы кыргыздын таза улуттук өнөрүн көрсөткөн, элдик ырчылардын жүзүн ачкан «Тогуз кайрык» аттуу телесынакка катышып калдым. Ошондо «Кыздын ыры» аттуу элдик ырды ырдадым. Калыстар тобу менин аткаруучулук чеберчилигимди жогору баалашып, эң бир бийик баллды берди. Биринчиликти жеңип алдым. Ачыгын айтсам, ошол «Тогуз кайрык» телесынагы ыр дүйнөсүнөн менин багымды ачты. Дароо эле атайын жолдомо-чакыруу менен филармонияга ырчы болуп иштөөгө кабыл алындым.

- Эмнегедир сиздин репертуарыңызда муңайынкы маанайдагы ырлар көптөй туюлат. Алардын ичинде сиздин жеке турмушуңузга, чыгармачылыгыңызга байланышкандары барбы?

- Менин балалыгымды куса менен жоктоо коштоп өттү. Аял катары да өмүрүмдүн күлгүн курагы күтүү менен өтүп кетти. Ошон үчүн ички дүйнө менен сырткы дүйнөнү бурмалап көрсөтө албайм, менин ар бир ырдаган ырым менин абалымды баяндап тураарын жашырбайм. Бул жашоодо сүрөтчү көзү көрүп турганын картинага айландырат, а мен ырчы катарында өзүмдүн туйганымды ырдайм. Качан гана өзүңдүн ички кайгыңды, кубанычыңды, өкүнүчүңдү айкалыштырып ырдаганыңда гана ыр кандайдыр-бир уккулуктуу, жеткиликтүү чыгат. Бала кезимден турмуштун калемпир, мурчун, тузун, шекерин, балын көбүрөөк татканым, көбүрөөк кыйынчылыктарды башыман өткөргөндүгүм үчүнбү, драмалык муңканган маанайдагы ырларды аткарганды жакшы көрөм. Ошондуктан өздүк репертуарымда мунканган маңыздагы ырлар өтө көп. Жашырганда эмне, кыз бала деген байкуш мусапыр болот экен. Жашоонун азабынан беш гүлүм ачыла электе Таласка турмушка чыгып кеттим. Томолой жетим болгондуктан артымдан «кандайсың, кимге чыктың» деп, издеп келген бир да киши болбоду. Күн артынан күндөр кубалашып өткөн сайын киндик каның тамган жериңди, өскөн элиңди көрсөм деп кусаланат экенсиң. Мына ушулардын баардыгы жуурулушуп келип туулган жерге болгон сагынычыңды күчөтүп, кусаңды артырат экен. Канчалык борбордо жашабайын, чет өлкөлөрдө болбоюн ата-энемди, айылда өскөн балалыгымды, баскан-турган жеримди, дарыянын шаркырап аккан шоокумдарын эстеп, элестете берем. Анан тууган жер жөнүндөгү ырларды кайта-кайта ырдай да бергим келе берет.

Баткен аймагынан алгачкы жолу чыккан ырчы Саламат кесиптештеринен кулактан кирип, бойду алган булбул таңшык мукам үнү менен гана эмес, аткаруучулук чеберчилиги, репертуары жагынан асман менен жердей айрымаланат. Ал жан шеригине айланган комуздун эле эмес, эстрадалык топтордун, эл аспаптар, симфониялык оркестрлердин коштоосунда кыялыңды кытыгылаган ырларын да аткарат.

Саламаттын өздүк репертуарынын көрөңгөсүн элдик жана ар кыл муундагы, ар кандай стилдеги обончулардын, композиторлордун ырлары түзөт. Алардын маңыздары, аваздык көркөм боектору да көп түстүү. Алар - адамдын дилин, жан-дүйнөсүн тазартууга, жашоого келгин куштай бир келип, бир кеткен өмүрдү сыйлоого, сүйүүгө, бири-бирин урматтоого чакырган, көңүлдү жибитип, көкүрөктү карк кылган мукамдуу ырлар. Саламаттын аткаруусунда элдик «Кыздын ыры», «Паризат», Б.Эгинчиевдин «Алымкан», «Күлгүн жаш», Р.Абдыкадыровдун «Жолугаарым билгемин», «Сагындым тууган жер сени», «Кусалык» аттуу ырлар өлбөс өмүргө ээ болуп, классикага айланды. Ал эми Апас Жайнаковдун «Кыргыз жери», Калыйбек Тагаевдин «Өмүр кайрыктары», Эсенбек Мааданбековдун «Жүрөк сезими», Шамшы Калдаяковдун «Өмүр өзөнү» жана башка ондогон обончулардын ырлары тек гана Саламаттын ырдоосунда угармандардын ооздон түшүрбөй ырдаган чыгармаларына айланышты. Саламат ушул жана башка ырлардын бактысын ачты, өмүрлөрүнө өмүр кошту.

- Саламат айым, сиз чет өлкөлөрдө такай гастролдордо болуп жүрөсүз. Бейтааныш угуучулар кыргыздын музыкалык аспаптарын, ырларын, күүлөрүн кандай кабыл алышат?

- Бул суроону менин көптөгөн угармандарым такай беришет. Адатта «музыкага эч тилмечтин кереги жок» деп коебуз. Кыргыз эли - дүйнөлүк жана элдик музыканы бирдей өнүктүргөн таланттуу калк. Менин жеке байкоомдо, улуттук өнөрдү аркалаган адамдын арманы жок. Себеби улуттук аспаптарыбызда, күүлөрүбүздө, ырларыбызда, ал турсун кийимдерибизде да улуу касиеттер бар. Ал - биздин гана элде. Ошондуктан чет өлкөлүктөр аспаптарыбызды, ырларыбызды, күүлөрүбүздү ушунчалык таңдануу, суктануу менен кабыл алышат.

- Угуучулардын арасында «АКШдан бир музыка таануучу Жапониядан жарык көргөн альбомдогу сиздин аткарган ырларыңызды угуп алып, атайын Кыргызстанга сизди издеп келиптир» деген кептер айтыла калып жүрөт. Ошол чын беле? Чын болсо ал ким эле?

- Бул чын. Ал мындайча болуптур. Америкалык Марк Хамвири деген музыка изилдөөчү «Камбаркан» этнографиялык ансамблинин Жапониядан чыккан компакт-дискасын дүкөндөн сатып алыптыр. Ал компакт-дискада менин аткаруумдагы он чакты ырлар бар эле. Марк мырза менин аткаруумдагы ырларды угуп алып, үнүмдү аябай жактырыптыр. Анан: «Бул кайдан чыккан ырчы, эмне болгон ырчы?» - деп, атайын издөө салыптыр. Акыры Кыргызстандан экенимди билип алып жетип келди. Алгач амандашып таанышкандан кийин эле төш чөнтөгүнөн блокнотун сууруп чыгып: «Сиздин «Күлгүн жаш», «Кызыл гүл», «Махабат деген муңум бар» деген ырларыңыз мага өтө жагат. Сиздин үнүңүз аркылуу кыргыз деген элди таанып атам» деди. Мен ырахматымды айттым. Марк мырза Кыргызстанга үч жолу келди. Менин, Самара эженин, Асек абанын компакт-дискаларын чыгарды. Дагы келем деп жүрөт.

- Кыргыздын элдик ыр чыгармачылыгынын бүгүнкү абалы, эртеңки келечеги жөнүндө сиздин жеке оюңуз кандай?

- Кийинки кездери жетекчилердин элдик музыкага болгон мамилесин көрүп алып улуттук ырчы катары жүрөгүм аябай ооруйт. Эмне үчүн? Жогорку Кеңештин депутаттары сессияларында айлап-жылдап милиция жөнүндө сүйлөшөт. Милицияларыбыз - машинадан машинаны тандап минишкен байлар. Депутаттарыбыз болсо алардын маселелерин козгошот. Мен ага каршы эмесмин. Ал эми улуттук дөөлөтүбүз, маданият жөнүндө бир дагы депутат күйүп-жанып сүйлөгөнүн көргөн да, уккан да жокмун. Кийинки кезде маданиятыбыз таптакыр көз жаздымда калды. Ырас, жасалма түрдө ар кандай салтанаттарда ырчыларыбыз ырдап жүрүшөт. Менин оюмча, жогору жактагылар, ачык айтканда өкмөтүбүз азыртан маданиятыбызды баалап, барктап-бапестеп албаса, кийин кол жууп калышыбыз мүмкүн.

- Саламат айым, убактыңызды бөлүп баардашканыңызга чоң ырахмат. Колуңуздан комузуңуз, оозуңуздан ырыңыз түшпөсүн.
XS
SM
MD
LG