Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Израилдин өкмөт башчысы Британияга келди


Ариэль Шарондун визити Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын келечегин талкуулоого, Британия менен Израилдин татаалдашып кеткен мамилелерин жакшыртууга багытталган. Ал Лондондо британ өкмөт башчысы Тони Блэр, тышкы иштер министри Жек Стро менен жолугушат. Британия менен Израилдин мамилелери быйыл жыл башында, британ өкмөт башчысы Лондонго Палестин автономиясын реформалоо боюнча жыйынга палестин жетекчилигин гана чакырганда начарлай түшкөн эле. Британиянын мындай кадамына жооп кылып, Израил палестин делегациясынын Лондонго келишине жол бербей койгон. Мунун аралыгында Жакынкы Чыгышка иш сапары менен орус тышкы иштер министри Игорь Иванов келди. Ал адегенде палестин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө жана андан соң чөлкөмдөгү араб өлкөлөрүн кыдырат.

XS
SM
MD
LG