Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Америкалык аскерлер Саддам Хусейндин куралдуу жактоочуларына каршы жаңы операция башташты


"Аssociated Press" агенттигинин маалыматы боюнча өткөн түнү Багдаддын түндүгүндө жүргүзүлгөн рейд учурунда каршылык көргөзгөн төрт адам набыт болуп, 50 дөй киши камакка алынган. Камалгандардын үчөөсү Саддам Хусейндин режиминин америкалыктардын тизмесине киргизилген өкүлдөрүнөн. Алардын ысымдары азырынча жарыялана элек. Бул - АКШ аскерлеринин Ирактагы согуш аяктады деп расмий түрдө жарыялангандан берки төртүнчү операциясы. Мындан мурдагы үч операциянын учурунда да жүздөгөн шектүү адамдар кармалып, ири өлчөмдө курал - жарактар табылганы менен коалициялык аскерлерге кол салуу токтогон жок.

XS
SM
MD
LG