БИШКЕК. Эртең-бүрсүгүнү Чолпонатада Евразия Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн транспорт тармагынын жетекчилеринин IV отуруму өтөт. Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Темирбек Токтогазиевдин айтымында, жыйынга Орусиянын, Беларустун, Тажикстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын транспорт министрлеринин орун басарлары катышат. Тармак жетекчилеринин жыйынында транспорт каражаттарын сертификациялоодо бирдиктүү техникалык талаптарды коюу, уюмга кирген өлкөлөрдүн жалпы маалымат мейкиндигин түзүү, автокатнаш боюнча эл аралык конвенцияга кошулуу, суу, аба, жер транспорту боюнча адистерди Орусиядан даярдоо маселелери талкууланмакчы. Жыйында ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдүн ортосунда жүк ташып өтүүнүн тоскоолдуктарын жоюу, жол акыны азайтуу проблемасы козголот.