Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

ДӨӨЛӨРДҮН ОРТОСУНДА КАЛГАН «ЧЫМЫН», МИЛИЦИЯНЫ КУРАЛДАНДЫРГАН ЕККУ, ӨЗГӨЧӨ ЗАРЫЛ ИНВЕСТИЦИЯ


НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон «Түндүк Атлантикалык Альянстын аскерий күчтөрү Борбор Азиядан жакын арада чыгарылбайт», - деди. ЕККУнун Кыргызстандын Ички иштер министрлигин колдоого алган долбоорунун айрым пункттарына бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар каршы чыгышууда. Чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан кыргыздарга арналган «Замандаш» аттуу коомдук-саясий, укуктук жаңы журналдын алгачкы саны 16-июлда жарык көргөнү турат.

«Дил ордосу» эркин гезитинин кезектеги cаны 15-июлда жарык көрдү. Бул басылма Кыргызстанды дөөлөрдүн ортосунда калган чымынга теңейт. «Кыргызстан бүгүн ушундай абалда. АКШ, Орусия, Кытай деген дөөлөрдүн ортосунда калды. «Ысыккөлгө эс алганы келген Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин «Орусия Американын аскерий базалары Кыргызстанга жайгашуусун каалабайт» деп бакылдаса, эки күн өтпөй НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон Кыргызстанга келип, «Түндүк Атлантикалык Альянстын аскерий күчтөрү Борбор Азиядан жакын арада чыгарылбайт. Бул аймак Американын кызыкчылыгынан сыртта эмес» дегендей мааниде сүйлөдү. «Ак Үй» болсо, азырынча анысына да, мунусуна да күлүп сүйлөп, башын ийкөөдө. Бекем тутунган позициясы жок, экөөнү тең атакелегиси бар, бирок алар буга макул эмес», деп жазат «Дил ордосу» баш макалаларынын биринде. «Дил ордосуна» берген маегинде укук коргоочу Турсунбек Акун: «Тегерек үстөлгө кимдер катышаарын О. Ибраимов менен Б. Жанузаков чечпеши керек. «Ак Үй» «жумшак» оппозицияны алдаганы менен, бизди алдай албайт», - деп билдирген.

«Республика» гезитинин 15-июлдагы жаңы саны башкы редактор Замира Сыдыкованын «Биздин милицияны ЕККУ куралдандырат» деген баш макаласы менен жүзүн ачат. Мында Кыргызстандын Ички иштер министрлигин колдоого алган ЕККУнун долбоорунун айрым пункттарына бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар каршы экендиги айтылат. «Ички иштер тармагынын бөлүктөрүн куралдандырып, жабдыш үчүн долбоордо ЕККУ 50 автомат, электр тогу менен эсти оодаруучу 100 жабдуу жана 600 комплект өрт өчүргүч, кол чынжыр, калкан, союл, ок өтпөс олпок жана башка жабдуулар менен камсыз кылууга милдеттенген. Өз элине ок аткан милицияны «укук коргоо органы» деп айтууга ооз барбайт. Бул тармак түп-тамырынан бери реформалоого муктаж. ЕККУ да өз ишин талдоого алып, реформалашы керек», деп жазат Замира Сыдыкова.

«Моя столица» гезитинин ордун баскан «МСН» басылмасынын 6-саны 15-июлда окурмандардын колуна тийди. Мында публицист Вячеслав Тимирбаевдин «Инвестиция барына керек, бизге өзгөчө» деген аналитикалык макаласы басылды. «Чет өлкөлүктөр: «Кыргызстан - проблемалуу аймак, инвестиция берүү кайтарымсыз. Кыргыз экономикасына каражат берүү коркунучтуу, себеби Кыргызстан - өтө коррупциялашкан өлкө» деп кооптонуп, «бул процесс көпкө созулушу мүмкүн» дешет», деп жазат публицист. Ошону менен бирге макаланын автору Венгрия менен Кыргызстандагы инвестиция саясатын салыштырып, аларда чет өлкөлүк каражаттар максаттуу пайдаланылып жаткандыгын айтат.

15-июлда жарык көргөн «Слово Кыргызстана», «Эркин тоо» жана «Кыргыз туусу» гезиттери кыргыз жергесине келген НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсондун расмий жолугушуулары жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти. Өкмөттүк басылмалар Кыргызстан менен НАТОнун, анын институттарынын, ага мүчө өлкөлөрдүн Евроатлантикалык Өнөктөштүк Кеңешинин кызматташтыгынын келечеги жана азыркы абалы талкууга алынганын жазышат.

Чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан кыргыздарга арналган «Замандаш» аттуу коомдук-саясий, укуктук жаңы журналдын алгачкы саны 16-июлда жарык көргөнү турат. 4 миң нуска менен ай сайын чыгуучу бул жаңы журнал жөнүндө анын башкы редактору Абдыкерим Муратов мындай деди:

- Журналдын биринчи санында Кумтөр жөнүндө аналитикалык макала, Борбордук Азиядагы геосаясий абалга талдоо, Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин жазылыш таржымалы, Салижан Жигитовдун «Кыргыздар эмне үчүн кедейбиз?» деген макаласында кедейликтин себептери өзүнө таандык стили менен иликтенет. Белгилүү ырчы Расул Маматкуловдун портретине штрихтер, Вандагы кыргыздар жөнүндө маалыматтар жарык көрөт. Дастан Сарыгуловдун ««Кыргыз» деген сөздүн «к» тамгасына да арзыбайбыз» деген макаласында азыркы кыргыздардын көйгөйлүү маселелери жөнүндө сөз болот.

Кыргызстандык окурмандар орус тилиндеги «Эксперт» аттуу жаңы жумалыктын 5-санын 15-июлда колго алышты. Мында компьютер, Интернет, телекоммуникация жаңылыктарына кеңири орун берилген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG