Адам укуктары боюнча эл аралык “Хьюман райтс уотч” уюму Орусиялык аскерлер Ингушетияда адам укуктарын одоно бузууда деп билдирди. Уюмдун Москвадагы өкүлү Анна Нейтс Аттын айтымында, орусиялык аскерлер Чеченстандагыдай атайын операцияларды Ингушетияда дайыма өткөрүп, “тазалоо” иштерин жүргүзөт. Аны көптөгөн фото сүрөттөр жана башка материалдар далилдейт.