Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

АКШ Палестинага тикелей акча берди


Бүгүн АКШнын өкмөтү Палестинага 20 миллион доллар берди. Бул Ясир Арафат башында тургандан бери Палестина автономиясына, эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен эмес, тикелей берилген биринчи каражат.Эми бул акча Палестинанын жолдорун жакшыртуу, коомдук жайларды куруу жана суу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө жумшалат. Ал эми Израилдин премьер министри Ариэль Шарон бүгүн Норвегияга барып, Европа Биримдигин Ясир Арафат менен мамилесин үзүүгө үндөп жатат. Ал Ясир Арафатка “Палестин автономиясынын премьер министри Махмуд Аббастын реформа жүргүзүүсүнө тоскоол болуп, дагы эле террорчул топторду колдоп жатат” деген кине коюуда. Ал ага чейин палестин премьер-министри Махмуд Аббасты террорчул топторго каршы согуш ачууга чакырды. Шарондун талабы боюнча биринчи иретте “Хамас” жана “Ислам жихады” террорчул уюмдары куралсыздандырылышы керек.

XS
SM
MD
LG