Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

«Бейпилдик калканы» программасына Кыргызстан да катышууда


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратты. Анда АКШнын 250 жоокери Украинанын Львов облусунда «Бейпилдик калканы – 2003» программасынын алкагында өтүүчү машыгууга келишкени баяндалат. Элчиликтин маалыматы боюнча, машыгууларга дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн келген 700дөн ашуун аскерлер катышат. НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын катышуучусу болгон Кыргызстандан Украинада өтүүчү машыгууларга 3 өкүл катышат. «Көп улуттуу аскерлерди компьютер системасына көнүктүрүү, биргелешкен талаа машыгууларын өткөрүү максатын көздөгөн ири аскерий иш-чара 14-июлда башталды», деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG