Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда электр энергиясы жана газ боюнча келишим түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстандын «Электр станциялары» акционердик коому менен Өзбекстандын «Узтрансгаз» ишканасынын ортосунда 2003-жылдын экинчи жарымында жана 2004-жылдын биринчи жарымында суу, электр энергиясы жана газ алмашуу боюнча жаңы келишимге кол коюлду. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү Базарбай Мамбетовдон алынды. Келишимге ылайык Өзбекстан үстүбүздөгү жылдын 12-июлунан 2004-жылдын экинчи жарымына чейин Токтогул суу сактагычынан суу алып, Токтогул ГЭСи иштетип чыккан 500 млн. кВт/саат электр энергиясын да сатып алмакчы. Анын ордуна Өзбекстан Бишкек ТЭЦине 300 млн. куб. метр газ берүүгө макулдугун берди. «Электр станциялары» акционердик коому менен «Узтрансгаздын» жетекчилери мындай макулдашууга Ташкендеги кезектеги отурумунда жетишти.

XS
SM
MD
LG