Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Ташкендеги демонстрациянын катышуучулары саясий эркиндиктерди көбөйтүүнү талап кылышты


Бүгүн Өзбекстандын баш калаасында 20 чакты киши өкмөттүк имараттардын алдында демонстрация өткөрүштү. Алар көз карандысыз укук коргоочу уюмдарды жана тыюу салынган саясий партияларды расмий каттоодон өткөрүүнү талап кылышты. Алар ошондой эле Өзбекстандын тартип коргоо органдарында коомдук көзөмөлдү күчөтүү талабын коюшту жана өкмөттү социалдык көйгөйлөргө көңүл бурбайт деп айыпташты.
Бүгүн ошондой эле Нью-Йоркто жайгашкан укук коргоочу эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму Европалык Кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын баш катчысын Өзбекстанга келгенде Ташкен бийликтерине демократиялык реформа жүргүзүү талабын коюга чакырды.
Уюм ошондой эле аталган банкты мындай реформаларды тереңдетүү жана адам укуктарын сактоо жаатында, өзбек бийликтеринен конкреттүү чараларды талап кылууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG