Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Америка-түрк аскер жетекчилери жолугушууда


АКШнын жогорку даражалуу эки генералы бүгүн Түркияга келди. Алар бул жерде Түркиянын аскерий жетекчилиги менен Ирак согушунун натыйжасынан улам начарлай түшкөн эки тараптуу аскерий байланышты калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. НАТО күчтөрүнүн башчысы генерал Жеймс Жонс жана АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы генерал Жон Абизаид түрк аскеринин башчысы Гилми Өзкөк жана башка расмий жетекчилери менен жолугушат. Эки тараптын мамилеси ушул айдын башында АКШ аскерлери түндүк Иракта бир нече түрк аскерлерин камакка алгандан кийин бузула түшкөн эле.

XS
SM
MD
LG