Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

ЧЕМПИОНДОР БЕШИГИ


Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы 33 жылдан бери жүздөгөн жаштарга чоң спорттун эшигин ачып, кыргыз спортунун сыймыгы, арнамысы болгон спортчуларды тарбиялап чыгарган. Кыргызстандын курама командасынын дээрлик бардыгы - ушул мектептин тарбиялануучулары. Жакында эле Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында окуу жайдын балбаны Канат Бегалиев коло медалды жеңип алды. Кыргыз спортунун алтын бешиги, башаты болгон бул окуу жайынын имараттары 40 жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес.

«Чоң спорт» деген сѳз бекеринен айтылбаса керек. Ага аралашып, түйшүгүн, жүгүн көтөрүш үчүн узак машыгуу менен катар максаттуу даярдык болушу зарыл. Көз ирмемде коюлган рекорд үчүн, же атаандашына жеңилүү ызасын тартыш үчүн спортчуларды таптап чыгууга канча каражат, күч, эмгек, убакыт жумшалат?! Себеби, спортчунун ийгилиги элинин аты, жеринин туусу, намысы менен байланыштуу. Ошондуктан чоң спорттун эшигин ачып, чемпиондордун бешиги болгон, мурда «Н.К.Крупская атындагы спорт мектеп-интернаты» аталып, кийин Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына айланган билим, спорт уясы 33 жылдан бери кыргыз спортунун башаты болуп келет.

Алгачкы жолу 1970-окуу жылы Н.К.Крупская атындагы спорттук мектеп-интернатка жеңил атлетика, футбол жана гимнастика боюнча алдыңкы окуучулар спорттук сынактан кийин кабыл алынып, биринчи ирет спорт ордосунун эшиги ачылган. Кийинки жылы окуу жайында күрөш секциясы ачылып, Кыргызстанга белгилүү балбандар Сарыгул Чекиров, Жекшен Карагулов, Жеңиш Дөңбаевдер бүтүндөй өлкөнү кыдырып, күрөшкө шыгы бар жөндөмдүү өспүрүмдөрдү иргеп, тандап келишкен. Бир жыл өтүп-өтпөй эле, айыл-кыштактардан келген балдар шаардык, республикалык, ал гана эмес союздук мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, спорт чөйрөсүндө мектеп-интернат жөнүндө жакшы пикирлер айтыла баштаган. Мына ошол биринчи кабыл алынган улан-кыздардан спорт ышкыбоздоруна кеңири таанымал Мария Күлчүнова, Кадыр Дүйшөмбиев, Кушубек Эрмамбетов, Алик Бейшеналиев, Темир Сариев, Мурат Саралинов, Мелис Тургунбаев жана башкалар чыгышкан.

Андан бери далай жылдар өтсө да бул окуу жайы кыргыз спортунун алтын бешигине айланып, ондогон, жүздөгөн чемпиондорду тарбиялап чыгарды. Быйыл Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында 300дѳн ашуун окуучулар болсо, анын арасында спорттун 1 эл аралык чебери, 12 спорт чебери, 76 спорт чеберлигине талапкер бар. Жүздөй окуучу Кыргыз Республикасынын курама командасынын тобуна кирсе, эки жүзгө жакын окуучу өлкөнүн курама командасына мүчөлүккө талапкер болуп саналат. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген 4 ишмер жана Кыргызстанга эмгек сиңирген 12 машыктыруучу спорттун 10 түрү боюнча татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, ийгиликтерди жаратышууда.

Мурдакы спорттук мектеп-интернаттан, азыркы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынан Олимпиада, дүйнө, Азия чемпиондору жана жеңүүчүлөрү, Азия оюндарынын байге ээлери Мария Күлчүнова, Кенжебек Өмүралиев, Раатбек Санатбаев, Юрий Мельниченко, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Аскаров, Максат Бобурбеков, Евгений Ваккер ж.б. чоң спорттон бактысын таап, намыска жарап келишкен. Эгемендүүлүк алгандан бери Митал Шарипов, Нурдин Дөңбаев, Уран Калилов, Табылды уулу Сүймөнкул, Тууганбай уулу Уларбек, Надырбек уулу Улан, Данияр Көбөнов, Канат Бегалиев ж.б. окуу жайынын кадыр-баркын көтөрүп, кыргыз спортунун сыймыгы болушкан.

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбеков мындай дейт:

- Мурдагы салтты сактап келатабыз. Биздин окуучулар көптөгөн эл аралык, дүйнөлүк, азиялык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп келатышат. Жакында эле Индияда өткөн Азия чемпионатында биздин жигит Канат Бегалиев коло медаль утуп алды. Былтыр Бүткүл Орусиялык биринчилик болуп, биздин балбандар жалпы командалык үчүнчү орунду ээлешкен. 18-июлда Будапештке дүйнө чемпионатына 3 боксчу жигитти аттандырып жатабыз. Кээде балдарды мелдештерге жиберээрде жол кире, тамак-ашына, жатаканасына каражатты өз учурунда ала албай калып калган учурлар кездешет.
Бардык жердегидей эле проблемалар бизде да бар. Биздин окуу жайдын окуу-машыгуу корпустары, ашканалары, залдары 1963-жылы курулуп, ошондон бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. 40 жылдан бери айрым суу тетиктери, жабдуулар керектен чыгып калды. Быйыл ремонт үчүн Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет 620 миң сом бөлгөн. Ошонун 97 миңи колго тийип, өтө зарыл имараттардын ремонтун баштадык. Эми келерки окуу жылына 15-20-августтарда кабыл алуу жүргүзүлөт. 8-класстардан 50 улан-кызды спорттун 10 түрү боюнча тандап, иргеп кабыл алабыз. Алар ден соолугу чың, спорттук даярдыгы, окуудагы жетишкендиги жакшы болушу абзел.


Бул окуу жайына «Мээрим» фонду да азык-түлүктөн жардам берип жүрөт. Араб мамлекеттери менен кызматташууга аракет көрүлүүдө. Түштүк Корея менен да достук байланыштар түзүлүп, алардын жаш спортчулары кыргыз жергесине келип кетишти. Коңшу өлкөлөр Орусия, Казакстан, Өзбекстан менен да мурдагы салтты улантып, байланышты үзбөй келатышат. Орусиянын Александр Карелин атындагы спорт клубунун мүчөлөрү Кыргызстанга келишип, биргелешкен машыгууларды өткөрүшүп, күч сынашкан. Эми алар кыргыз досторун күзүндө чакырып жатышат.

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын жамааты Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өспүрүмдөрүнүн биринчи оюндарын Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрүп жатышат. Бул демилгени коңшу мамлекеттер колдоого алса, жаш спортчулар үчүн сыноонун, такшалуунун мектебине айланат эле. Жаш спортчулар үчүн дагы алдыда далай мелдештер, сыноолор турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG