Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Экинчи элдик курултайдын өткөнүнө бир жыл болду


БИШКЕК. Өткөн жылдын 18-июлунда Кербенде 2-элдик курултай өткөндөн бери бир жыл болду. 2,5 миңден ашуун адам катышкан ал курултайда 11 пункттан турган Резолюция кабыл алынып, анын негизги талаптарынын бири- Аксы окуяларына күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу болгон. Кыргызстандагы укук коргоочулар белгилешкендей, андан бери Аксы окуяларына күнөөлүүлөр жоопко тартыла элек. 2-курултайда Аксы окуяларына күнөөсү бар деп президент Аскар Акаевдин, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Темирбек Акматалиевдин, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Аманбек Карыпкуловдун, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун, президенттин администрациясынын коопсуздук жана коргоо иштери боюнча бөлүм башчысы Болот Жанузаковдун, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиевдин ысымдары аталган. Курултайда өлкөнү кризистен алып чыгуу жолдорун камтыган программаны иштеп чыгуу жөнүндө да чечим кабыл алынган. Ага ылайык, «Президент Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылы тарабынан Кыргызстанда реформа жасоо концепциясы иштелип чыкты. Бул концепция август айынын орто ченинде өтүшү болжолдонуп 3-элдик курултайда кабыл алынышы болжолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG