Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Грузия Москваны Абхазия менен байланышты үзүүгө чакырды


Абхазия менен экономикалык жана саясий байланыштарды үзүүгө Орусияны Грузия президенти Эдуард Шеварднадзе чакырды. Шеварднадзенин айтымында, ал бүгүн орус президенти Владимир Путинге кат жолдоп, КМШ мамлекеттери мындан жети жыл мурун кабыл алган, Грузиянын макулдугусуз, мурдагы эч кайсы совет жумуруяттары Абхазия менен байланыш түзбөйт деген чечимди аткарууну сунуштады, Орусияны Тбилиси. Абхаз жикчилерине ар тараптан көмөк көрсөтүүдө деп айыптоодо. Абхазия 1992-жылы Грузиядан бөлүнүп чыкканын жарыялаган жана мына ошондон бери эки тарап чатакташууда. Бүгүн Женевада грузин-абхаз чатагын жөнгөрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен эки тарап жабык эшик артында жолугушууда.

XS
SM
MD
LG