Ооганстан түштүгүндө талип жоочулары өткөн ишембиде АКШ аскерлерине чабуул жасап, бирок андан өздөрү жоготууга учурады. Атышууда 24 чейин жоочу набыт болду, - деп билдирди бүгүн АКШ аскерлеринин маалымат кызматынын өкүлү. Өткөн күнү Ооганстандын Пактия вилайетинин чыгышында колдо жасалган бомбанын жарылышынан Италиянын бир жоокери жарадар болгон. Бүгүн Кабулга Канаданын жүздөй аскери келди. Алар Ооганстанда тынчтык кармоо күчтөрүнө жардам кылышат. Кийинки айда дагы 1800дөй Канада аскери Ооганстанга келип жайгашмакчы.