Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Италия өкмөт башчысы АКШда


АКШнын Президенти Жорж Буш Техастагы ранчосунда Италиянын Премьер министри Силвио Берлусконини кабыл алды. Берлускони АКШга кечээ күнү эки күндүк сапар менен келген. Эки лидер Иракты кайра куруу, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылуусуна жол бербөө маселелерин талкуулашары күтүлүүдө. Европа Биримдигинде бир жыл бою төрагалык милдетти аткарууга өткөн Италия өкмөт башчысы АКШ менен Биримдиктин Ирак согушуна байланыштуу начарлап кеткен мамилени калыбына келтирүүгө да аракеттенмекчи. Ирак согушун Италия колдогон, а эми Франция жана Германия каршы болгон.

XS
SM
MD
LG