Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде жолугушту. 15 министр Иракты кайра куруу, Жакынкы Чыгыш тынчтык планын аткаруу, Ирандын өзөктүк куралына байланыштуу маселелерди талкуулашууда. Министрлер ошондой эле Израилдин Тышкы иштер министри Силван Шалом жана Палестина Тышкы иштер министри Набил Шаат менен өз-өзүнчө жолугушуп, «Жол картасы» планын аткарууга эки тарапты чакырды. Министрлер Иранга байланыштуу маселеде, Европа Биримдиги менен Ирандын соода макулдашуусун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы, Тегерандын өзөктүк мекеме-ишканаларын мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгына жараша болору эскертмекчи.