Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Орусия коопсуздук чараларын көрүүдө


Орусия жетекчилиги өлкөнүн Ыраакы Чыгышындагы жарандык коргонуу кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн текшерип көрүүнү сунуштады. Орус тышкы иштер министри Александр Лосюковдун айтымында, Корей жарым аралыгындагы кырдаал «бара-бара начарлап баратышына» байланыштуу ушундай чаралар көрүлө баштады. Александр Лосюков бул тууралуу Түштүк Корея тышкы иштер министри Юн Ен Хван менен Сеулдагы жолугушуу учурунда маалымдаган. АКШ Түндүк Корея өзөктүк курал жасоо программасын ишке ашырууда деп айыптаса, Пхеньян өз кезегинде Вашингтон Түндүк Кореяга кол салууга даярданууда деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG