Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Британ өкмөт башчысы Бээжинде


Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр бүгүн Бээжинде Кытайдын өкмөт башчысы Вен Цзябао менен жолугушуп, соода жана кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашты. Кытай өкмөт башчысы Британия менен соода байланышын өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Премьер министрлердин катышуусу менен ошондой эле Кытайдын түндүгүнө порт куруу боюнча келишимге кол коюлду. Ал Бритаия фирмалары тарабынан курулмакчы. Британиянын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда Тони Блэр Кытай лидерлери менен жолугушууда Түндүк Кореянын өзөктүк курал маселесин да көтөрүүдө. Бүгүн Бээжинде Тони Блэр Кытайдын президенти Ху Цзинтао, мурдагы лидери Цзян Цземин менен да жолугушмакчы. Британ өкмөтүнүн чыгыш мамлекеттерине сапары өз өлкөсүндө Дэвид Келлинин өлүмү алып келген жаңжал менен коштолууда.

XS
SM
MD
LG