Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Кыргыз делегациясы Прагада


БИШКЕК. Кыргызстандын делегациясы 21-июлда Чехиянын борбор калаасы Прагада башталган Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы маселелерге арналган жыйынга катышууда. Делегациянын курамында өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча министри Төлөбек Өмүралиев, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу Ассоциациясынын башчысы Курманбек Дыйканбаев жана Жогорку Кеңештин Мыйзам Чыгаруу жыйынынын депутаты Владимир Толоконцев бар. Жыйын Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүу Программасы тарабынан каржыланган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү» деп аталган долбоордун алкагында уюштурулууда. Бул долбоорго Кыргызстан 2000 жылдан бери катышып келет. Жыйындын жүрүшүндө кыргыз делегациясы «2010-жылга чейин Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну децентрализациялоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү» боюнча улуттук стратегиясы жөнүндө кеңири маалымат беришет. Кыргыз делегациясы ошондой эле өлкөдө өз алдынча башкаруу системасы боюнча окутуу борборлорун ачуу демилгеси менен чыгат. Өз алдынча башкаруу системасындагы маселелерге арналган Прагадагы жыйын өз ишин 27-июлда аяктайт. Жыйынга АКШ, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Тажикстан, Польша жана Словениянын делегациялары катышууда.


Кабарларды даярдап, окугандар - Азиза Турдуева жана Бекташ Шамшиев.

XS
SM
MD
LG