БИШКЕК. 7-августта Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен Улуу Британиянын парламенттик делегациясы келиши болжолдонууда. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, делегациянын курамында Лейбористтик партиянын жана өкмөттүн үч мүчөсү жана британ парламентинин оппозициячыл үч мүчөсү бар. Делегацияны финансы иштери боюнча комитетченин мүчөсү, лейборист-депутаттардын жалпы партиялык түндүк тобунун төрагасы Жим Казнс жетектейт. Британиялык депутаттар президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, парламенттин кош палатасынын төрагалары Алтай Бөрүбаев жана Абдыганы Эркебаев менен жолугушат. Британиянын парламенттик делегациясы Кыргызстанга Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин чакыруусу боюнча келмекчи.