Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Бишкекте өкмөттүн селектордук жыйыны болду


БИШКЕК. «Өкмөттүн саясаты социалдык багытта болушу керек. Эмдиги жылы айлык акы жок эле дегенде 30% көтөрүлүшү күтүлөт. Пенсия менен жөлөкпулдар да көбөйүшү керек», - деп билдирди премьер-министр Николай Танаев кечээ кечинде өткөрүлгөн селектордук жыйында. Жыйында козголгон 3 маселе - түз инвестицияны тартуу, почта байланышын өркүндөтүү жөнүндөгү өкмөт токтомунун аткарылышы, Социалдык фонддун жер-жерлердеги иши тууралуу жетекчилер - вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков, Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков, транспорт жана коммуникация министринин орун басары Кеңеш Карачалов маалымат беришти. Түз инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлү Жоомарт Оторбаев «облус жана шаар жетекчилеринин инвестиция боюнча кеңешчиси» деген кызматты киргизүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, жаңы кызмат жер-жерлерге инвестиция тартуунун көлөмүн арттырып, иштин жанданышына өбөлгө түзөт. Ж.Оторбаев инвестициялык матрицаларды облустардын деңгээлинде иштеп чыгыш керек экенин айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG