Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Чүйдүн тоолуу аймагында сел жүрдү


Чүйдүн тоолуу аймагында сел жүрдү

БИШКЕК. Кечээ кечинде Оорусайда башталган селден улам Аларча капчыгайындагы 6 көпүрөнү, 20дан ашуун дачаны суу алып, 100дөн ашуун дачаны сел чайып кетти. Бул тууралуу маалымат бүгүн Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин оперативдүү штабынан алынды. Көпүрөлөрдү сел алып коркунучта калган 60ка жакын адам «Аларча» альпинисттик лагеринен вертолет аркылуу ташылды. Бүгүн болсо «Кыргыз-Инфо» агенттиги сел болгон аймакта бир кишинин өлүгү табылганын жазып чыкты. Бирок Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинен бүгүн кайра такталган маалыматка караганда, анын эмне себептен ажал тапканы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG