Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

САДДАМДЫН УУЛДАРЫ УДАЙ МЕНЕН КУСАЙ НАБЫТ БОЛДУ


Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында бир шектүү имаратка америкалык аскерлер чабуул коюп, аткылашуунун соңунда төрт ирактык набыт болду. Алардын экөө - Саддам Хусейндин издөө жарыяланган уулдары Удай менен Кусай болуп чыкты. АКШнын армия генералы Рикардо Санчез бул тууралуу бүгүн кечинде Багдадда тастыктады. Июлдун башында АКШ өкмөтү Удай менен Кусайдын ар биринин башы үчүн 15 миллион доллардан, Саддам үчүн 25 миллион долларлык сыйлык жарыялаган.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Ирактагы кайра куруу аракеттерине кошулуу нийетин билдиришти. Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Коопсуздук кеңешинде Ирак боюнча билдирүү жасап, өлкөдөгү демократиялык кайра куруу жараянындагы башкы рол ирактыктардын өздөрүнө ыйгарылышы керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG