Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

"ӨНӨКТӨШТҮК ФОРУМУ", МАЙРАМ АКАЕВАНЫН ЖАКТООЧУЛАРЫ, ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖАРДАМЫ


Аманбек Дилденбай, Бишкек Өткөн ишемби күнү, 19-июлда мамлекеттик «Аларча-4» резиденциясында мамлекеттик бийлик органдарынын, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жетекчилеринин жана массалык маалымат каражатттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн «Өнөктөштүк форуму» тууралуу макалалар шейшемби күнү жарыка чыккан кыргыз гезиттеринде басылып чыкты.

«Үчүнчү миң жылдыктагы кыргыз мамлекеттүүлүгү: мамлекеттик бийликтин жана жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн жаңы жолдору жана өбөлгөлөрү» деген темадагы «Өнөктөштүк форумунда» мамлекет башчысынын жасаган докладына карата ой-толгоосун «МСН» гезитине кабарчы Рина Приживойт «Кыргызстандын аймагынан учуп өтсөң» аттуу макаласында жарыялады. Анын жазганына караганда, президент Аскар Акаев Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелерге көнүл бурбай, жашоону космостон карап тургансып мамиле кылат. «Канчалаган форумдар өтүп, атайын резолюциялар кабыл алынды, бирок эч бир майнап чыккан жок. Ал «Өнөктөштүк форумунда» мамлекетти талап тоногон ууру-чиновниктерди түрмөгө качан отургузаарын, Аксы трагедиясынын күнөөкөрлөрүн качан жоопко тартаарын, пенсия, эмгек акыларды качан жогорулатып, эркин маалымат каражаттарын, опозициядагыларды куугунтуктоону качан токтотоорун айтса болмок» деп жазат макала автору.

Форумдун башында сүйлөгөн сөзүндө президент Аскар Акаев жолугушууну коомдук күчтөрдүн дээрлик баардыгы колдоого алышканын, форумга катышууну каалагандар көп болуп, бирок ага бардыгы катыша албагандыгын, жолугушууда бардык адамдардын өкүлчүлүгү эмес, бардык идеялардын өкүлчүлүгү болушу маанилүү экендигин айткан. Анын докладынын ар бир бөлүгүнө маани берип, «Өнөктөштүк форумундагы» иш-чараларга кеңири токтолгон Бегим Турдалиеванын «Жарандык коомдун жаңы мейкиндиги» аттуу көлөмдүү макаласы жана андагы кабыл алынган декларация шейшембидеги «Эркин тоо» гезитинде жарык көрдү.

«Өнөктөштүк форумунун» катышуучуларынын ой-пикирлерин камтыган фоторепортаж шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланды. Гезит авторлорунун жазганы боюнча, эгерде күзүндө Жогорку Кеңеш Шайлоо кодексин кабыл алса, анын негизинде 2004-жылы октябрда жергиликтүү, 2005-жылы февралда райондук, облустук жана парламенттик, 2005-жылы октябрда президенттик шайлоолор өткөрүлөт.

Ушул эле «Кыргыз туусу» гезитине «Кызын сыйлаган улуу элбиз!» аттуу темада Ош облустук, райондук жер жана агрардык реформа борборлорунун директорлорунун кайрылуусу жарыяланды. Кайрылууда «кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленээр учурда эне-балага жан дили менен мээримин төгүп, кайрымдуулук деген ыйык ишти жасап жаткан «Мээрим» фондунун төрайымы Майрам Акаеванын эмгегин жогору баалап, ага «Кыргыз Эл Баатыры» наамын ыйгаруу» сунуш кылынат. «Бул сунушту жалпы элибиз колдойт деген үмүттөбүз» деп жазышат кайрылуу ээлери.

«Өнөктөштүк форумунда» президенттин сүйлөгөн сөзү жана форумдун иш-чаралары тууралуу материалдар шейшемби күнкү «Слово Кыргызстана» гезитинде да жарыяланды. Ал эми басылмадагы «Көздөн далдоо болуп, жүрөктөн чык» аттуу Геннадий Жалкубаевдин макаласында Кыргызстандагы акыл-эси кем адамдардын укуктарынын тебеленип жатышы тууралуу сөз болот. Автор психоневрология ооруканаларындагы оорулууларга медицина кызматкерлеринин орой мамилеси, материалдык-финансылык тартыштык жана оорулуулардан ата-эне, бир туугандарынын баш тартышы тууралуу баяндаган.

Шейшембидеги «МСН» гезитинде Юрий Гребенниковдун «Өз өлкөсүндө сырттан жардам күткөн эл» аттуу макаласы жарыяланды. «Европа Биримдиги Кыргызстандын калкын колдоо ирээтинде 1992-жылдан бери 63 млн. евро сарптаган. Бейөкмөт уюмдар, алыскы айылдардагы социалдык программа боюнча иш алып баргандар ПРООН тарабынан каржыланып, жардам алышууда. Ал эми «Ысыккөл облусунун регионалдык өнүгүшү» тууралуу долбоорго Евробиримдик 1 млн. 800 миң, «Кумтөр» 1,1 млн. доллар, Финансы министрлиги 40 млн. сом акча бөлгөнүн ошол аймактагы бейөкмөт уюмдар менен жергиликтүү айыл өкмөттөрү биле бербесе керек», - деп жазат автор.
XS
SM
MD
LG