Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Борбор Азиялык суу-энергетика консорциуму боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү


БИШКЕК. Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмунун алкагында түзүлөөрү болжолдонуп жаткан суу-энергетикалык, транспорт жана айыл чарба консорциумунун концепциясын Кыргызстан тараптан иштеп чыгуу максатында өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Өкмөттүк комиссияны Кыргызстандын ЕврАзЭС уюмундагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектейт. Кечээ болсо премьер-министр Николай Танаев Дүйнөлүк Банк, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы, Азия Өнүктүрүү Банкы сыяктуу эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү менен консорциумду түзүү боюнча маселени талкуулады. Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлү Александер Чериан Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмунун алкагында консорциумдун түзүлүп жатышын Азия Өнүктүрүү Банкы колдоого ала турганын билдирди. Консорциумдун суу-энергетика багытын Дүйнөлүк Банк, транспорт багытын Азия Өнүктүрүү Банкы, азык-түлүк багытын Европа Банкы менен Эл аралык Валюта Фонду иштеп чыгууну өздөрүнө алышты. Жыйында ошондой эле «соода боюнча консорциум түзүш керек» деген да сунуш айтылып, кабыл алынды. Базарбай Мамбетов жетекчилик кылган комиссияга 10 күн аралыгында консорциумдардын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.

XS
SM
MD
LG