Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

КАШКАСУУДАГЫ СЕЛ, БАҢГИЛИККЕ КАРШЫ КҮРӨШ, КЫТАЙДАН КЕЛГЕН КАТ


Жайкысын суу акпай, нугу какшып калчу Аларча, Аламүдүн сайларынын саратанда буркан-шаркан түшүшү Бишкекке түйшүк арттырууда. Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирине билдирүү, нота жөнөтүшүүдө. Ал арада Кытайдан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түпкүрдөгү тарыхын тастыктаган таберик кат келди. 19-июлдагы бийлик менен жарандык коом жетекчилеринин «Өнөктөштүк формунда» сүйлөнгөн жана сүйлөнбөй калган сөздөр маалымат каражаттарында басылууда.

16-июлдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак боюнча расмий Ташкендин билдирүүсү кыргыз дипломаттарын таңдандырганын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жазып чыкты. Эки өлкөнүн чек ара кызматчыларынын жолугушуусундагы протоколго шилтеме берип, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги нааразылык нотасын жиберген. Өзбекстандын нотасында эки өлкөнүн чек арачылары кол койгон протоколдо белгиленбеген фактылар келтирилген. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандын өлүмүнө Өзбекстан күнөөлүү экенин дагы бир ирет ырастады.

Тан сулалеси заманында Кытайды башкарып турган өкүмдардын кыргыз каганына жазган каттарынын көчүрмөсү президент А.Акаевдин наамына Бишкекке келгени ушул эле гезитте баяндалган. Мамлекеттик катчынын айтымында, Бээжинден келген 16 каттын көчүрмөсү тарыхый сенсация дегидей окуя. Кытай иеороглиф жазмаларынын 11и кыргызчага таржымаланып, калганы которулууда. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн майрамына чейин Кытай өкүмдарынын каттары кыргыз, орус, англис тилинде жарык көрмөкчү.

Аларча дарыясынын ташкынынан Бишкектин айрым жерлери коркунучка капталганы бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде баяндалды. Кашкасуу капчыгайынан башталган сел Улуттук илимдер академиясынын дача айылын каптап, ага барчу жолдогу көпүрөлөрдү алып кеткен. Бууракандаган суу Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы «Көлмө» жаңы айылын каптап кетиш коркунучу пайда болууда. Шаар башчы табигый кырсыктан сактануу чараларын күчөтүү тууралуу буйрук чыгарганы да ушул эле гезитте маалымдалат. Басылманын кабарлашынча, шаар бийлиги суу ташкыны башкалаага коркунуч алып келээрин ойлогон эмес.

«Республикадагы ишке жарамдуу 1 млн. калк карыганда алчу пенсиясына акча топтоону ойлоно элек», дейт мамлекеттик эмес «Кыргызстан» пенсиялык фондунун кеңеш төрагасы Шамил Атаханов. Төраганын маеги бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде жарыяланды. Пенсия системасынын биринчиси мамлекеттин милдеттүү пенсия камсыздоосуна негизделген. Экинчиси - мамлекеттик эмес пенсия камсыздоо, аны ар бир адам өзүнчө топтойт. Мамлекеттик милдеттүү пенсия системасын экономикалык жагынан бакубат өлкөлөрдүн көтөрүшү кыйынга турууда. Шамил Атахановдун айтымында, «ушу тапта Кыргызстанда 1 млн. 800 миң киши иштейт. Алардын ичинен 800 миңи Социалдык фондго акча которушат. Пенсия акчасынын топтолушуна Социалдык фондго төлөнчү 33% төлөм оорчулук келтирүүдө, мындай салык ар кандай ишкердин демин суутат».

КМШдагы 7 жарды өлкөнүн ичинен Кыргызстанда паракорлук эки эсеге жакын өскөнү Акылбек Жапаровдун басылмадагы маегинде маалымдалган. Баамга урунган парадокс: республикада жардылар арбын, анткен менен машине минип, кафе-ресторандарда отургандар да аз эмес. Бул, Акылбек Жапаровдун пикиринде, Кыргызстанда дагы бир экономика бар экендигин көрсөтүүчү көрүнүш.

Жардылык жөнүндө жума күнү жарыкка чыгуучу «Кыргыз руху» гезити да жазууда. Журналист Бахпурбек Аленовдун жазганы боюнча, кыргыз жоокерлеринин арыктыгын көрүп ар кандай душмандын жүрөгү түшөт. Басылманын экинчи бир автору Болот Тасмаев саны арбын, иши аз губернаторлор тууралуу сөз кылат. Германиялык «Реемтсма» компаниясынын салыктан качуу амалы, Бишкектеги тамеки заводунун мектеп жанында жайгашканы, транспорт тармагындагы экономикалык кылмыштар, облустук ички иштер жетекчилеринин кызматтан алынышы тууралуу материалдар басылманын жаңы санында жарыяланмакчы.

Жума күнкү «Республика» гезитинде укук коргоочу Турсунбек Акундун 19-июлдагы «Өнөктөштүк форумунда» сүйлөнбөй калган сөзүнүн тексти басууга даярдалууда. Басылмада президент А.Акаевдин форумдагы корутунду сөзү, «Арнамыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиевдин жарыш сөзү жарык көрмөкчү. Жеке бийлик, анын башында турган адамдын керт башына сыйынуучулук тууралуу О.Акматов ой жүгүрткөн.
XS
SM
MD
LG