Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Бишкекте Ооганстан рыногундагы атаандаштык боюнча семинар өтмөк болду


БИШКЕК. 29-июлда Бишкекте өлкөдөгү 60тан ашуун компаниялардын катышуусу менен «Ооганстандын рыногунда кантип атаандаш болуш керек?» деген темада семинар өтөт. Жыйынды президенттин инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын жетекчиси Рафкат Хасанов ачат. Семинарды АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги, «Прагма» корпорациясы жана Кыргызстандын Экспортерлор ассоциациясы уюштурууда. Жыйынга катышкан ишкерлер согуштан кийинки Ооганстандын рыногунда кандай товарлар тартыш экендиги, Кыргызстандан Ооганстанга товарларды ташып баруунун жолдору, бажы системасы боюнча так маалыматтарды алышат. Ооганстандын Кыргызстандагы өкүлү Абдулкадыр Дустум менен Ооганстандын соода иштери боюнча атташеси Сардар Сахи Мохаммад Ооганстанга товарларды алып баруу боюнча сунуштарын ортого салышат. Кыргызстандык ишкерлер менен Ооганстандын өкүлдөрү биргелешкен долбоорлорду түзүү боюнча иш-пландарды талкуулашы күтүлөт. Бул тууралуу маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG