Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

КАНТ ЗАВОДУНА ЭЭЛИК КЫЛГАН КОМПАНИЯ, «АК КЕПТЕРДИН» УЧУШУ, ЧЕК АРА САНААСЫ, КАРАКОЛДУН МЫРЗА ТЕРЕКТЕРИ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында кийинки жылдары артынан күдүк сөз илээштирип келаткан «Кайыңды-Кант» заводунун башка колго өткөнү, кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак, Бишкектик ишкерлер 2 орундуу учак жасап, сыноого коюшканы, табигый кырсыктын кесепеттери, Көлдү жашылдандыруу аракети сындуу темалар чагылдырылды. Кыргыз журналисттери өлкөдөгү адам укуктары, сөз эркиндиги тууралуу чет жердеги маанилүү жыйынды баам сыртында калтырышкан жок.

Кашкасуу капчыгайынан түшкөн сел жолунда турган айыл менен шаарга кыйла бүлүк түшүрдү. Сел тууралуу «МСН» гезитинин апта аягындагы санында Александр Ким менен Юрий Груздовдун репортажы жарыяланды. Авторлордун жазганы боюнча, селдин алып келген зыяны тууралуу так маалымат алыш кыйын.

Брюсселдеги кызматташтык жыйынында Европа Биримдиги, андан аз илгери Кошмо Штаттар Кыргызстандан адам укуктарын сактоону талап кылганына Рина Приживойт ушул эле гезиттеги макаласында токтолгон. Жыйында белгиленгендей, «бийликтин Борбор Азия өлкөлөрүндө элдин тынч жүрүш, демонстрация, пикет өткөрүшүнө тоскоолдук кылышы калктын экстремисттик куралдуу топторду астыртан колдоого алышына шарт түзгөндөн башкага жарабайт. Чөлкөмдө демократиялык реформалар ыкчам жүргүзүлүшү керек. Азырынча аймакта сөз эркиндиги, шайлоо укугу, саясий жана дин эркиндиги бекем сакталбай келатат».

«Кайыңды-Кант» заводу «Перидот-Анштальт» фирмасынын ээлигинен чыгып, мындан ары «Альянс» компаниясынын менчигине айланды. Кирешелүү ишкана жеке колго өткөнү иши жүрүшпөй, карыздан башы чыкпай келет. Заводдун андай абалга кептелишин автор мындайча түшүндүрөт: «Үй-бүлө бир тыйын коротпой алганды гана жакшы көрөт. Анан да эч нерсеге жооп бербейт. Биз заводдун мындай абалга келишине кайсы инстанциялар, кимдер себепкер болушканына мурдагы бир макалабызда токтолгонбуз. Ага кызыгып, текшерген бирөө болбоду. Мамлекеттин ичиндеги өзүнчө бир өлкө».

«Кыргыз туусу» гезитинин жума күнкү санында Ысыккөл облусунун губернатору Эмилбек Анапияевдин окурмандар менен маеги жарыяланды. Облустагы таза суу, көрктөндүрүү маселесине токтолгон губернатор, Караколдун көркүн ачып турган мырза теректер сугарылбагандыктан бир четтен куурай баштаганын айтып, быйыл облус боюнча 2,5 миллион көчөт отургузулганын маалымдаган.

Бишкектин «Эр авиаТ» биргелешкен ишканасы орусиялык, австриялык ишкерлер менен чогуу эки орундуу жеңил учак чыгарып, аны сыноодон өткөрүп жатканын Папан Дүйшөнбаев маалымдайт. Учакты Орусиянын Самара шаарындагы авиация заводунун адистери долбоорлоп, Австриянын заводунан чыккан кыймылдаткыч коюлган. Жаңы учак ишкерлерге арналган, салмагы 700 килограмм, техникалык сапаты жагынан дүйнөлүк стандартка жооп берет. 70 литр бензин менен 900 чакырым аралыкка уча алат. 500 метр тегиз жер болсо конуп-учуп кете алат. Азырынча болжолдонуп аткан баасы - 70 миң доллардын тегерегинде.

«Ысыккөл менен Соңкөлгө, Анталияга элдин баары эле баралбайт, биринин убактысы жок, экинчисинин акчасы жетпейт». «Бишкек таймс» гезитинин жазышында, кыргыздын бардык жери бейиш. Басылманын жума күнкү санында Аламүдүн капчыгайындагы эс алуу жайлары, бал кымыз жутуп боз үйдө бутту сунуп эс алуунун баасы канча экени баяндалган. Гезитте Бишкектин көлдөрү, базарлары жөнүндө маалыматтар басылган. «Бишкекте 80ден ашуун базар бар, анда 400 миңге жакын адам иштейт», деп жазат басылма.

Өкмөттүн селектордук жыйыны, Кытай өкүмдарынын кыргыз каганына жазган каттарынын көчүрмөсү Кыргызстанга келгени, президент А.Акаевдин коррупция менен экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу жарлыгы «Эркин тоо» гезитинин апта соңундагы санында жарыяланды.

Кыргыз-өзбек чек ара проблемасына апта соңунда «Заман Кыргызстан» гезитинин кабарчылары кайрылышты. Авторлордун маалымдаганы боюнча, өзбек тарап кыргызстандык Адылжан Үркүнбаевди атып салган аскердин аты-жөнүн айтпай, иш иликтенип атканын билдирүү менен чектелген.

Азыркы бийликтин жалындуу жактоочусу жана анын айныксыз оппоненти эже-сиңди Клара жана Гүлсара Ажыбековалардын пенделик сапаттарын, тутунган позицияларын, бир туугандык ысык ымаласын баяндаган макала жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде жарыяланды.
XS
SM
MD
LG