«Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу бул китеп 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын, «СПИД» борборунун, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана маданият министрликтеринин колдоосу менен кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде 2200 нускада жарык көргөн. Жыныстык жол менен жугуучу илдеттердин алдын алуу максатын көздөгөн бул китепти төрт жылдан бери өлкөнүн мектептеринде мугалимдер окуу китеби катары пайдаланып келишкен. Бирок Билим берүү жана маданият министрлигинин быйылкы 13-майдагы буйругуна ылайык китеп мектептерде пайдалануудан алынып салынган. Министрликтин маалымат катчысы Мамасаалы Апышев буйруктун чыгышына көпчүлүктүн өтүнүчү негиз бергенин айтат. Министр «Комсомольская правда» гезити аркылуу коомчулук менен түз байланышка чыкканда ата-энелер китепке байланыштуу нааразылык билдиришкен. Ал эми 22-июлда китепти Кыргызстан элинин арнамысын жана айбийирин коргоо боюнча коомдук комитет сотко берди. Анын төрагасы Акин Токталиев мындай дейт:
- Шапиронун китеби Кыргызстандын элине ылаң, «адамдык вирус» киргизип атат. Эне-ата менен баланы теңештирип, ортодо сый-урматты кетирип, ата-бабадан келаткан каада-салтты бузуп атат.
Анын пикиринде, нарк-насилге доо кетирген мындай китептин жарык көрүп, мектептерде окутулуп жатышына авторлоштор жана басмакана сыяктуу эле Саламаттык сактоо, Билим берүү жана маданият министрликтери да күнөөлүү. Ошондуктан, анын оюнда, авторго көмөктөшкөндөр да сот алдында жооп бериши керек.
Маселенин күтүүсүз өңүттөн козголуп жатышын «СПИД» борборунун башчысы, китептин башкы автору Борис Шапиро көмүскө кызыкчылыктар менен байланыштырат:
- Кыргызстан өтө чоң гранттарды утуп алды. Грант алгандардын ичинде «СПИД» борбору да бар. Мен азыр ойлоп атам, бул ири каражат кимдир-бирөөгө тынчтык бербей атат. Бул жерге отуруп, ушул кызматты алгысы келген бирөө бул ишти атайын ойлоп таап жатат окшойт.
Ал эми Акин Токталиевдин айтымында, ал эч кимден тапшырма алган эмес. Сотко кайрылышына китепти өз баласынын окуп жүргөнү себеп болгон.
- Менин балам баштыгына салып көтөрүп, кошуна балдар менен окуп жүрүптүр. «Бул эмне болгон китеп?» - десем, «Жашоонун сергек мүнөзү» дейт. Сырты татынанакай жасалгаланган экен, - дейт Акин Токталиев.
Борис Шапиронун оюнча, китепти сотко берүү - ойлонулбаган кадам:
- Мен муну ойлонулбаган кадам катары эсептейм. Менимче, бул кадам биздин өлкөнүн жана кыргыздардын менталитетине шек келтирди.
Ал маселе караманча китепти каралоо же актоодо эмес, учурдун көйгөлүү маселесинде экенин белгилейт. СПИДдин башкы бутасы жаштар жана балдар болуп турган чакта анын алдын алууга жамы журт кол кабыш кылышы керек.
- Бардыгы түшүнүшсүн: мен китеп үчүн эмес, проблема үчүн күрөшүп атам. Мен соттон коркпойм. Страсбургдагы сотко да барганга даярмын. Мен шылдың болуп атканыбызга ызаландым, - дейт СПИД Борборунун башчысы.
Кыргызстан элинин арнамысын жана абийирин коргоо боюнча коомдук комитеттин башчысы болсо бул китепти пайдалануудан алып салып эле тим болбостон, биротоло жок кылууну көздөп жатат. Эгер сотто коомдук комитеттин төрагасы утуп алса, ал доолап жаткан 5 млн. сомго бул китептин ордуна мектеп балдарына ыйман сабагы тууралуу китеп чыгарууну каалайт. Ал эми Билим берүү жана маданият министрлиги буйрукка ылайык мектептердин китепканаларынан чогултулган бул китепти жогорку окуу жайларына өткөрүп берүүнү ылайык көрүүдө.