БИШКЕК. Кыргызстанда жыл сайын 70ке жакын ымыркай котон жара (сифилис) илдети менен төрөлөт. Жыл сайын 15-16 жаштагы кыздардын төрөшү көбөйүп баратат. Соңку жылдары мындай учурлар 1000ге жакындады. Бул тууралуу Кыргызстандагы «СПИД» борборунун башчысы Борис Шапиро «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө СПИД оорусу менен төрөлгөн 5 наристе бар. Ал эми жалпысынан бул ооруга чалдыккандардын саны 426га жетти. Б. Шапиронун айтымында, борбор мындай көрүнүштөр менен күрөшүн улантат.
22-июлда Кыргызстан элинин абийирин жана арнамысын коргоо боюнча коомдук комитет Борис Шапирону, анын авторлоштору Гүлнара Курманова менен Лариса Башмакованы, ошондой эле «Веста» басмаканасын «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу китеп үчүн сотко берген. Комитет авторлорду «алар жазган китеп кыргыздын менталитетине, каада-салттарына кайчы келет жана жаш муундардын адеп-ахлагын бузат» деп күнөөлөп жатат.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган - Азиза Турдуева.
Редактор – Жыргалбек Касаболотов.