Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Эртең Дүйнөлүк Соода Уюму боюнча өкмөттүк комиссиянын семинары өтөт


БИШКЕК. Эртең Бишкекте «Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дүйнөлүк Соода Уюму боюнча мекемелер аралык комиссия: анын ролу жана милдеттери» деген темада эки күндүк эл аралык семинар өз ишин баштайт. Анда бул комиссия менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтык, Кыргызстандын ишкерлеринин кызыкчылыктарын Дүйнөлүк Соода Уюму тарабынан коргоо маселелери каралат. Семинарда ошондой эле өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясынын мүчөлөрүнө жана башка жыйын катышуучуларына Дүйнөлүк Соода Уюмунун ролу, максаттары жана анын жүргүзгөн иши тууралуу кеңири маалыматтар берилет. Жыйынга Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ишкерлер катышып, сөз сүйлөшөт. Семинарды «Прагма» корпорациясынын «Соода жана инвестиция тартууну жакшыртуу» долбоору жана «Билим аркылуу өнүгүү» академиясы уюштурушууда.

XS
SM
MD
LG