Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

АКШ ӨКМӨТҮ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРГА, ЖАМААТТАРГА МЕДИЦИНАЛЫК ГРАНТ БӨЛДҮ


28-июлда АКШ өкмөтүнүн Кыргызстандын медицина тармагын өнүктүрүүгө бөлгөн 260 миң долларлык грантынын биринчи үлүшүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Грант тандоо комиссиясы иргеп алган 17 бейөкмөт, жамааттарга сертификат тапшырылды. Үч жылга эсептелинген гранттын экинчи эмдиги жылы таркатылат. Эларалык уюмдардын Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө багышталган программаларынын иштеп келатканына кыйла жылдын жүзү болду.

Грант талапкерлерин тандап алуу комиссиясы биринчи айлампада АКШ өкмөтүнүн саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүү программасына келип түшкөн 332 сунуштун ичинен ушул жылдын 15-майында 31 долбоорду иргеп алган. Экинчи грант иргеп алуу комитети 266 сунуштун ичинен 18-июлда 18 кабыл алып, анын бирөө коммерциялык уюмдан түшкөн себептүү грант алуудан четтетилип калгандыгы «АКИпресс» агенттигинде өткөн 28-июлдагы жыйында маалымдалды.

«Саламаттык сактоо секторунда анын пайдубалын түптөгөн медика-санитардык звеного колдоо көрсөтүп келатабыз, - дейт ЮСАИД агенттигинин Кыргызстандагы адиси Дамира Бибосунова. - Бул жаатта америкалык «Ап ассошиейтед» коомдук бирикмесинин «Здрав Плюс» долбоору жакшы иштерди жасап келатат. Ошондой эле бизде жугуштуу дарттарды алдын алуу, аларды дарылоону көзөмөлдөөгө багытталган биртоп долбоорлор бар. Өпкө оору, безгек, ич өткөк, Вич-СПИД жана башка ооруларды алдын алып болтурбай коюу, дарылоо боюнча биз менен «СДС» борбору кызматташып келатат. Быйылкы жылдан тарта биз Кыргызстанда чакан гранттар менен жамааттар аркылуу иштешүүнү баштап жатабыз. Жамааттар менен иштешип атышыбыздын бир артыкчылыгы бар, элдин арасында болуп алардын кызыкчылыгы, эмне менен алектенип, кандай шарттарда жашап жаткандыгын көрүп-билүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт».

2003-жылдан тарта иштей баштаган жаңы программа 5000 доллардан ашпаган гранттарды жамааттарга бөлүү менен алектенет. Программанын иш-максаты тууралуу «Каунтерпарт-Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Эркин Касыбеков мына буларга токтолду: «Биздин программанын эң негизги максаты – элдин саламаттык сактоо деңгээлин көтөрүү. Экинчиден, жамааттык деңгээлде иш колго алынса бул тармактагы реформа ийгиликтүү жүрөр эле, деп ойлоп жатабыз, - дейт Эркин Касыбеков. – Бул максатта биринчи турда биз 100 миң АКШ доллар каражатын бердик. Аны америкалык өнүгүү агенттиги бөлгөн. Анын 56 миңин 17 уюмга таратып жатабыз».

«Здрав-Плюс» программасынын менежери Марат Тургунбаев грант бөлүү эки баскычтан туруп, ал иргеп алуу, андан соң кеп-кеңеш берип колдоону өз ичине камтый тургандыгын маалым кылды:

- Биринчиси, келип түшкөн сунуштарды иргеп алуу, эгер ал саламаттык сактоо программасынын максатына туура келип, калктын ден соолугун сактоого багытталса жактырылат. Экинчиси, программага техникалык жактан көмөк көрсөтүү, кеп-кеңештер берүү.

Нарын шаарынан жамаат өкүлү, дарыгер-психиатр Шайлообек Өмүралиев жаңы грант кандай максатка жумшаларын айтты:

- Бул грантты «Өзүңү-өзүң тапта!» деген долбоорго жумшайбыз. Мазмуну мындай, Европада аты-жөнүн сурабай дарылоочу «12 кадам» аттуу программа бар. Ошону Нарын облусуна жайылтабыз деген ниеттебиз. Буюрса, район борборлоруна бирден дарылоо пунктун ачсакпы дейбиз. Келечекте ал жемишин берет. Бүгүнкү күндө эң актуалдуу проблема аракечтик болууда. Жакырчылык менен аракечтик экөө ээрчишип жүрөт. Аракечтикти азайтсак жакырчылыктын да мизи кайтар эле.

Үч жылга эсептелген жаңы программанын аткарылышын эларалык уюмдар өздөрү көзөмөлгө алышмакчы. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, жугуштуу ооруларды жайылтпоо аракети, майып балдарга колдоо көрсөтүү, аракечтик менен баңгиликке каршы туруу АКШ өкмөтүнүн саламаттык сактоого бөлгөн жаңы программасынын негизги максаты. Ал ишке киришүүдө.

XS
SM
MD
LG