Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

ШВАРЦЕНЕГГЕР КАЛИФОРНИЯНЫ ЖЕТЕКТЕЙ АЛАБЫ?


Мурдагы Советтер Бирдигинде өнөрпоздордун мамлекеттик ири деңгээлдеги кызматтарга жетиши аздыр-көптүр учурайт. Бенилюкстагы элчи Чыңгыз Айтматовдун, маркум Төлөмүш Океевдин элчилик кызматтарын, Полад Бүлбүлоглынын, Даниял Назарматовдун, маркум Чолпонбек Базарбаевдин маданият министрлигин жетектегенин, Өзбекстандын мурдагы жетекчилеринин бири Шараф Рашидовдун жазуучу болгонун эскере кетелик. Адабиятчы Абдыганы Эркебаев Ош облусунун акими болгон жана азыр ал парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында төрагалык кылууда. Европада мындай окуя сейрек учурайт. Ал эми Калифорнияда даңазалуу кино акторлордун бири Арнолд Шварценеггер бай жана кубаттуу штаттын губернатордугу үчүн ат салышууга ниеттенүүдө.

“Каалоо – ылайыксыз нерсе. Мен – тек гана машинемин”, - дейт “Терминатор-3” тасмасындагы айтылуу Арнолд Шварценеггер аткарган башкы кейипкер. Бирок Шварценеггер өзү машине эмес да. Анын да ээ-жаа бербеген кубаты, демөөрү, тилеги бар.

Режиссер Жеймс Камерондун 1984-жылы көрөрмандарга тартууланган “Терминатор” тасмасы аркылуу дүйнөгө ого бетер атагы чыккан чымыр денелүүлөрдүн чыгааны Арнолд Шварценеггер эми АКШнын саясий бийлигинин даамын да татып көргүсү келет.

Шварценеггердин бактысына, демократиялык партиянын өкүлү, губернатор Грэй Дэвис октябрдын 7синде кайра шайланууга мажбур болуп отурат. Кошмо Штаттардагы калкы эң көп болгон штат Дэвистин тушунда 38 миллиард доллар көлөмүндөгү бүжөттүк таңсыктыкка кириптер болду. Октябрда Дэвис өз бийлигин сактап калышы күмөн. Ага ишеним добушу берилип жаткан чакта, башка атаандаштары, негизинен, республикачылар үчүн да бул кызматка талапкер катары добуш берилет. Бул штаттагы губернатордук шайлоо өлкөдөгү болочокку президенттик шайлоого да өз таасирин тийгизиши ыктымал.

Айтмакчы, Шварценеггердин жары, татынакай журналист, Мэри Шрайвер – демократиялык партиянын мүчөсү жана айтылуу Кеннедилердин тегинен. Мэри өз кезегинде Фидел Кастро, Раиса Горбачева, иордан падышасы Хусейн сыяктуу инсандар менен Эн-Би-Си сыналгысы үчүн маек курган, бир катар журналисттик сыйлыктарды жеңип алган.

Жубайынын демократ экендигине карабастан, Арнолд республикачылар тарабына өткөн. 56 жашар киноактёрдун алгачкы ролдорунун бири – «Жапайы Конан» болчу. Эми аны саясий сынчылары «Республикачы Конан» деп келекелеп атап жүрүшөт.

Дагы бир кызыктуу жагдай, Арнолд ата-бабасынын жери – Австрияда губернатордук тургай, кала берсе, шаар башчылыгына да ат салышаары күмөн эле. Европадагы өнөрпоздордун америкалыктардыкынан айырмалуу саясий нугу тууралуу “Интернешнл Гералд Трибюн” басылмасынын Париждеги серепчиси Жон Винокур мындай дейт:

- Кошмо Штаттарда коомдун акча жаатына астейдил көңүл буруусу алда канча күчтүү. Демек, Сиз (президенттикке чейин жеткен өнөрпоз) Роналд Рейган сыяктуу, же калифорниялык Кармел шаарынын акими болгон киноактёр Клинт Ииствууд, жок эле дегенде, Арнолд Шварценеггер сыяктуу менталитетке ээ болушуңуз керек. Ал өзүнүн болгон байлыгын калайык үчүн ачык кармоону өөн көргөн жок. Калайык болсо буга абдан кызыгат. Мындай мамилени Европадан учурата албайсыз.

Винокурдун айтымында, Европада өз капчыгын аңтарып, элге көрсөтө берүүчүлүк сейрек учурайт, анан калса, европалык өнөрпоздор да көбүнесе солчул маанайды тутушат. Ал эми АКШда көп акчалуу өнөрпоздордун оңчул болгонуна эл көнүп калган.

Шварценеггер АКШда президенттик үчүн гана ат салыша албайт, анткени өлкөнүн баш мыйзамында бул кызмат үчүн ат салышчу киши Кошмо Штаттарда төрөлүшү керектиги тууралуу шарт камтылган.

Арнолддун фамилиясы (Schwarzenegger) немис тилинде “Кара дыйкан”, “Кара сокочу” дегенди туюнтат. Ал 1947-жылы 30-июлда Австриянын Грац шаарына жакын Тал (Thal) деген шаарчада туулган. Атасы Густав оболу аскер кызматында, кийин полициячы болуп иштеген. Энеси үй кызматында эле.

Чымыр денелүүлөрдүн таймаштарына жаштайынан катышкан Арнолд Шварценеггер 1975-жылы бул спорт түрү боюнча ардактуу эс алууга чыкканга чейин “Ааламдын мырзасы” сыйлыгын беш ирет алган, “Олимпия мырзасы” сыйлыгына алты ирет татыган. Эс алууга чыккаендан кийин да, 1980-жылы ал “Олимпиа мырзасы” сыйлыгын жетинчи ирет жеңип алган. Андан үч жыл өткөн соң (1983-жылы) Арнолд Кошмо Штаттардын атуулдугун алган.

Шварценеггер башкы ролду ойногон “Терминатор-3” тасмасы үстүбүздөгү жай айларында кинотеатрларда көрсөтүлүүдө. Алгачкы апталарда эле АКШда 70 миллиондон ашуун доллар чогулткан бул тасма Арнолд үчүн кошумча шайлоо үгүтүн жүргүзөөрүндө шек жок. Тасмадагы анын кейипкери: “Мен кайтып келемин!” деп көрүүчүлөрдү ишендирет. Саясатта Шварценеггер ушул сөздү кайталаар бекен?

XS
SM
MD
LG