Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:08

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жаңы виза тартибинде иштей баштады


БИШКЕК. 28-июлдан тарта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги иммиграциялык эмес визаларды берүү боюнча жаңы тартипте иштей баштады. Элчиликтин консулдук бөлүмү АКШга виза алуу боюнча арыздарды үч күндүн ичинде карайт. Арыз ээлери паспортун жана жөнөтмө документтерди саат 9 -17 чейин АКШ элчилигинин жанындагы атайын жащиктерге салышат, ошондой эле Интернет аркылуу кайрыла алышат. АКШга виза киргизилишинин максаты - виза алуу процессин жөнөкөйлөтүү жана убакытын кыскартуу. 3 айлык мөөнөткө иммиграциялык эмес визанын баасы 100 долларды түзөт. АКШ элчилигинин вице-консулу Эрики Ольсон айым маалымдагандай, Кыргызстандан жылына 2,5 миңге жакын адам АКШга виза сурап кайрылышат. Ал эми алардын ичинен 300 ашуун адам аңгемелешүүдөн өтпөй калышат.

XS
SM
MD
LG